2014-жылы Кыргызстан эл аралык рейтингде абалын сегиз позицияга көтөргөн

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Кыргызстан в международных рейтингах с 2005 по 2014 год"
Презентация Кыргызстан в международных рейтингах с 2005 по 2014 год - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы Кыргызстан 5 рейтинг боюнча өз позициясын начарлатса, 2013-жылга салыштырмалуу 8 рейтинг боюнча өзүнүн абалын жакшырткан.

БИШКЕК, 15-янв — Sputnik. Кыргызстан 2014-жылы эл аралык рейтингде 8 позиция боюнча абалын жакшыртса, 5 позиция боюнча начарлаганы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) маалыматында айтылат.

Кыргызстандын акыркы индекстери боюнча, 2013-жылга салыштырмалуу кайрымдуулук боюнча 10 тепкичке начарласа, Интернет колдонуу жана укук тартиби индекси 5 рейтингге төмөндөгөн. Андан сырткары, былтыр гендердик өнүгүү жана дүйнөдөгү энелердин абалы боюнча рейтингде Кыргызстандын позициясы 4 тепкичке төмөндөгөн. 

Инновация боюнча глобалдык индексте республика 19 учур боюнча абалын жакшырткан, иш боюнча глобалдык индексте 18 позицияга жана коррупциянын катышы боюнча 14 тепкичке позициясын көтөргөн.

УСИИ ошондой эле, өлкөнүн позициясын жакшыртуу үчүн тийиштүү министрликтерге рейтингдерди чыгарып турууну тапшырууну сунуштайт. Мисалы, Транспорт жана коммуникация министрлигине Интернет колдонуучуларынын санынын рейтингин чыгарып турууну бекитип берүү керек.

"Сорос – Кыргызстан" фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов, индекстер көрсөтүлгөнү менен алардын эмне себептен төмөндөп, же жогорулаганынын себептери айтылбаганын белгиледи.

"Мисалы, инновация боюнча глобалдык индекстин жыйынтыктарына кайсыл факторлор, же кайсыл мыйзамдар таасир бергенин билүү керек. Учурда УСИИ мамлекеттик органдарды рейтингдерди чыгарып берүүнү бекитүүнү сунуштап жатат", — Ибрагимов.

"Кыргызстан 2005-2014-жылдардагы рейтингде" деген бет ачар Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан КР өкмөтү жана ЕККУнун тапшырыгы менен даярдалган.

Эл аралык рейтингдер өлкөнүн негизги жашоо тармактарынын көрсөткүчү болуп саналат. Мындай изилдөөлөр бир мамлекеттин башка мамлекетке салыштырмалуу өнүгүүсүн көрсөтөт. Ар бир рейтинг белгиленген көрсөткүчтөр аркылуу чогултулган балл аркылуу чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0