Өкмөт акча алмаштыруучу жайларды жабууга каршы

Жазылуу
Акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча өткөн коомдук талкууга катышкан Экономика министрлиги өкмөттүн позициясын билдирди.

БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Экономика министри Темир Сариев кыргыз өкмөтү акча алмаштыруу жайларды жабууга каршы экендигин билдирди.

Бишкек шаарында ишкерлердин, парламенттин депутаттарынын жана финансылык институттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда КРдеги акча алмаштыруучу жайларды жабуу маселесин боюнча кереге кеңеш өттү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында Сариев министрлер кабинети ишкерлик укуктарды чектөөгө акысы жок экендигин айтты.

"Акча алмаштыруучу жеке жайларды жабуу маселеси боюнча өкмөттүн позициясы так жана түшүнүктүү. Биз аларды жаба албайбыз, себеби, ишкерликти чектөөгө укугубуз жок. Бирок, ошол эле учурда бул рынокту жөндөө боюнча Улуттук Банктын иштеп чыккан бир механизмдери болушу зарыл", — деп белгиледи министр.

Ал кереге кеңештин жыйынтыгы майнаптуу сүйлөшүүлөр менен аяктагандыгын айтты. 

"Акча алмаштыруу жаатындагы ишкерлер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин даярдап Экономика министрлигине берет. Ал жерден биз Улуттук Банк менен биргеликте талкуулап, андан кийин министрлер кабинетине мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү үчүн жиберебиз. Кайталап айтып коёюн, өкмөт акча алмаштыруучу жайларды жабууга каршы", — деди Сариев. 

Заир Чокоев, советника председателя Национального банка Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Заир Чокоев: акча алмаштыруу жайларынын жабылышы менен КР каржылык өнүгүүгө жетишет
Улуттук Банк демилге кылып жаткан жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик валюталарды алмаштыруу операциясын финансы-кредиттик уюмдар: банктар, кредиттик союздар, адистештирилген каржы-кредиттик жана чакан кредиттик уюмдар гана жүргүзө алат.

Улуттук банк аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, банктык көзөмөл кылуу жана экономиканы жөндөө механизмдери жакшырат, рыноктогу акча алмаштыруу операциясын алмаштыргандар бир тартипке салынат деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0