Премьер-министр Оторбаев провел рабочее совещание по присоединению КР к ЕАЭС

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча Оторбаев министрлер менен жыйын курду

50
(жаңыланган 11:44 27.01.2015)
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу өкмөт мүчөлөрү кеңешме өткөрдү.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун сүйлөшүү процесси боюнча кезектеги иштиктүү топко катышуу маселесин карады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда өкмөттүк делегациянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйын маалында Евразиялык экономикалык комиссиянын жана ЕАЭБке мүчө тараптар менен өлкөнүн аталган бирликке кошулуусу боюнча кийинки талкууларда Кыргызстандын позициясы иштелип чыкты.

50
Белгилер:
Жоомарт Оторбаев, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Тема боюнча
5 жылдан кийин ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде акцизге коюлган баа бирдей болот
Сом монеталары. Архив

Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды

154
(жаңыланган 16:21 27.10.2021)
Документте Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда жактырды.

Салык боюнча жаңы документти биринчи окуудан өткөрүүгө 80 депутат макулдук берип, каршы чыккандар болгон жок.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштырууга, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарт түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Муну менен катар Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ал эми тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктер каралган.

154
Белгилер:
салык кодекси, парламент, жактыруу, долбоор
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси
Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик желектери. Архив

Кыргызстанга россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы келет

44
(жаңыланган 14:15 27.10.2021)
Иш-чара экономиканын бир нече багыты боюнча иш алып барган россиялык жана кыргызстандык компаниялардын байланыш түзүүсүнө аянтча болуп бермекчи.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 10-12-ноябрда россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы Бишкекте болот. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) билдирди.

Иш-чараны РКӨФ менен Россиянын эксперттик борбору уюштурууда.

"Анын максаты — Кыргызстандагы россиялык өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын жайылтуу үчүн көмөктөшүү жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун кызматташуусун кеңейтүү. Эл аралык көп багыттуу миссия 10-12-ноябрга белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара энергетика, айыл чарба, машина куруу, тышкы экономика, ресурстарды үнөмдөө жана санариптик технология жаатында иштеген россиялык жана кыргызстандык компаниялардын байланыш түзүүсүнө аянтча болуп бермекчи.

РКӨФ компаниялар бизнес-өнөктөштөргө ээ болуп, иштиктүү байланыштарын кеңейте аларына ишенет.

44
Белгилер:
Россия, бизнес, миссия, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду
Тема боюнча
Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды
18 млрд. сомдук иштер жасалат. Мэрия Ош шаарын кантип өнүктүрөрүн жарыялады
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

0
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

0
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты