Улицы города Бишкек

S&P агенттиги берген бааны Батыштын "муунткуч ыкмасы" деп эсептейт серепчи

26
(жаңыланган 11:41 28.01.2015)
РФтин насыялык рейтингинин "спекулятивдик" деңгээлге түшүүсү россиялык инвесторлордун Кыргызстандан кетишине себеп болушу ыктымал. Бирок талдоочулар мындай рейтингдерди батыш агенттиктеринин берген "аба ырайы тууралуу түзүлгөн начар билдирүүлөрү" деп эсептешет.

БИШКЕК, 28 янв — Sputnik. Россиянын насыялык өз алдынча рейтинги "спекулятивдик" деңгээлге түшкөнү, мүмкүн, россиялык инвесторлордун Кыргызстандагы ордуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок талдоочулардын пикиринде, бул бааны Батыштын РФке карата колдонгон дагы бир "муунткуч ыкмасы".

"Кыргыз фондалык биржасы" ЖАКтын соода жана листинг боюнча башчысы Аида Чодулова рейтингдин төмөндөшү биздин фондалык рынокко түз таасирин тийгизбейт, себеби, тилекке каршы, Россиянын баалуу кагаздары биздин рынокто жок. 

"Бирок бул рыноктун абалына кыйыр таасирин тийгизет деп ишеничтүү айта алам. Баалуу кагаздарды сатуу жалпысынан төмөндөшү ыктымал, жана буга россиялыктардын рыноктон кетиши себеп болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө көпчүлүк россиялык инвесторлор биздин кагаздарды сатып алуу жана сатуу операцияларын жүргүзөт", — деди Чодулова.

Ошол эле учурда "Далил" серепчилер клубунун талдоочусу Марс Сариев эл аралык S&P агенттигинин бул көрсөткүчтү төмөндөтүп беришин Батыштын "муунткуч ыкмасы" деп белгиледи.

"Рейтинг өзүнөн өзү — айкын эмес, көп сандагы божомолдоолорго негизделген түшүнүк. Бул аба ырайы жөнүндө жаман түзүлгөн алдын ала билдирүү сыяктуу. Анын артында Батыштын саясий көз карашы менен байланышкан күчтөр турушу мүмкүн. Албетте мындай алдын ала божомолдоолордун таасирин эсепке албай коюуга болбойт. Бул биринчи кезекте биздин өлкөгө тиешелүү", — деп баса белгиледи Сариев.

Россиялык рыноктун абалы КРде экономикалык кырдаалга да таасирин тийгизет деп эсептейт серепчи. 

"Кыргызстан Россия менен тыгыз байланышта. Жана бардык өзгөрүүлөр КРге да сөзсүз таасирин тийгизет. Бирок бул эки өлкөнүн ЕАЭБнын алкагындагы кызматташтыгына таасир кылбайт деп ойлойм. Ошентсе да, кыязы, жакынкы арада белди бекем бууганга туура келет", — деп белгиледи Сариев.

S&P эл аралык рейтинг түзүү боюнча агенттиги дүйшөмбү күнү кечинде соода-сатык жабылгандан кийин РФтин өз алдынча насыялык рейтингин инвестициялык "ВВВ-" деңгээлинен "спекулятивдик" деп аталчу "ВВ+" деңгээлге түшүргөн. Ошентип, Россия инвестициялык насыялык үч рейтингдин бирин жоготкон, бул россиялык экономикадагы өсүштү кошумча жайлатышы ыктымал.

26
Белгилер:
биржа, баалуу кагаздар, көрсөткүч, рейтинг, Аида Чодулова, Марс Сариев
Сабиз. Архив

Сабиздин кымбатташы. Чүй менен Бишкекте кампалар текшерилип жатат

135
(жаңыланган 20:18 16.06.2021)
Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери Бишкек менен Чүйдүн аймагындагы дүңүнөн саткан жайларды, кампалардагы запасты текшерип жатышат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги сабиз кымбаттап кеткенине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери Бишкек менен Чүйдүн аймагындагы дүкөндөргө мониторинг жүргүзүп, кампаларды текшерип жатат. Ошондой эле ортомчулар дагы аныкталууда.

"Бүгүн Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Анда монополияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо маселеси талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сабиз өстүргөн фермерлер менен дагы жолугушуу болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

135
Белгилер:
баалар, монополия, Сабиз, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат
Жашылча-жемиш сатып алып жаткан адам. Архив

Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат

89
(жаңыланган 19:09 16.06.2021)
Өлкөдө азык-түлүк кымбаттоодо. Буга чейин министрлик башка продукциянын чет жакка сатылуусун чектөөнү сунуштаган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиз менен картошканы Кыргызстандан сыртка сатууга убактылуу тыюу салат. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттикте өткөн жыйында маалым болду.

Аталган жашылчаларды сатууга тыюу кийинки жумадан тарта салынып, чектөө күзгө чейин созулушу мүмкүн.

Кыргызстанда айыл чарба продукциясы кымбаттап жаткан учур. Ушу тапта сабиздин бир килограммы 100 сомдун тегерегинде болсо, картошка 60-70 сомдон сатылууда.

Буга чейин министрлик жарым жылга чейин бир катар азык-түлүктү сыртка сатууга тыюу салган. Мындай кадам кургакчылык сыяктуу бир катар себептерден улам жасалууда.

Фермерлер сугат суунун тартыштыгынан улам кырдаал курч экенин айтып чыгышкан. Чүй облусунда суунун жетишсиздигинен улам айдалган 100 миң гектар жердин алты миң гектары куурап кеткен. Бийлик буга мөңгүлөрдүн эрибей жатканы да себеп экенин билдирген болчу.

89
Белгилер:
тыюу салуу, экспорт, фермер, Мөңгү, Картошка, Сабиз, азык-түлүк, суу
Тема боюнча
Марипов: эгер эртең суу дыйкандарга жетпесе аткаминерлерге катуу чара көрөбүз
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады