Юань SWIFT версиясы боюнча дүйнөдө эң популярдуу беш валютанын катарына кирди

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүРубли и юани
Рубли и юани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын декабрында пайдалануу жыштыгы жагынан юань Канада менен Австралия долларларынан өзүп чыгып, АКШ долларынан, евродон, британ фунтунан жана япон йенинен кийинки бешинчи орунду ээледи. Декабрда юянь менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жаңы максималдык 2,17 пайыз көтөрүлүшкө жетти.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кытайдын валютасы дүйнөдө популярдуулугу жагынан SWIFT тизмесинде бешинчи орунга чыкты деп билдирди шаршембиде РИА Новости "Ассошиэйтед Пресc" агенттигине таянуу менен.

Бүткүл дүйнөлүк банктар аралык каржы телекоммуникациялардын SWIFT коомчулугу тиги же бул акча бирдигинин популярдуулугун аныктоо үчүн пайдалануу жыштыгы, жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана башка каржы инструменттерин колдонот. 

Архив: акча - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер: каржы-соода аракеттерин улуттук валюта аркылуу жүргүзүү — патриоттуулук
2014-жыл аяктап калганда Кытайдын валютасы колдонуу жыштыгы боюнча Канада менен Австралиянын долларларынан ашып кетти. SWIFT маалыматына ылайык, декабрда юань менен жасалган операциялардын саны жаңы максималдык 2,17 пайыз көтөрүлүшкө жеткен. Бул Кытай валютасын дүйнөдө бешинчи орунга чыгарды. Дүйнөлүк башка валюталар төмөнкү иретте орундарды ээледи: биринчи орунда АКШ доллары, экинчи орунда евро, анан Британиянын фунту жана төртүнчү япон йени болду.

Бул юандын тарыхына "маанилүү мезгил" деп белгиледи SWIFTтин банк рынокторуна жооп берчү адиси Вим Раймакерс. Серепчи кытай акчасы "өнүгүп бара жаткан" орундан "кадимки" багытты көздөй жылып бара жатканын баса белгиледи.

Расмий Пекиндин улуттук валютаны көзөмлдөөнү жеңилдетүүгө болгон саясаты жана юандын чет элдик жүгүрүүсүн колдогондугу алгылыктуу натыйжаларды берүүдө. Ошентип, Кытай дүйнөнүн экономикасында өз компанияларынын ролун олуттуу кеңейткенге аракет жасап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0