Депутат: мамлекеттик орган жарандардын кайрылуусуна 14 күндө жооп берүүгө милдеттүү

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку кенеш
Жогорку кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мамлекеттик орган жарандардан келген кайрылууларга жазуу жүзүндө он төрт күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика комитети жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдарды он төрт күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттендирген айрым мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү 3-окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Парламентке келген жаңы депутаттар ант беришти
Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, мамлекеттик орган жарандардан келген кайрылууларга жазуу жүзүндө он төрт күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. "Мамлекеттик орган кайрылууга тиешелүү материалдарды издеп, башка органдарга кайрылса, алардан да жооп он төрт күндө келет. Жарандардын кайрылууларына жооп берүү 28 күнгө чейин узарып кетүүдө. Негизинен 14 күндө жооп бериши милдеттендирилет", — деди Алтыбаева. 

Эл өкүлү ошондой эле, сунушталган норманы бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлери жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Аталган комитет мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда кабыл алды. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. 

Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргызчаны билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0