Мамлекеттик агенттик кендерди сатуу боюнча үчтөн кем эмес аукцион өткөрөт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: аукцион
Архив: аукцион - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукционго Таластагы Жер-Үй, Ноокат районундагы Бел-Алма күрөң көмүр кени жана Түп районундагы Күрмөнтү акиташ кени коюлат.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. "Жыл аягына чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик маанидеги үч кенди аукционго алып чыгат", — деп билдирди аталган ведомствонун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев. 

Анын айтымында, бул пландардын чети эле. Аталган ведомство кызыкдар тараптар арбын болсо, аукциондорду мындан да көбүрөөк өткөрүүгө ниеттенип жатат.

Аукцион Таластагы Жер-Үй, Ноокатта районундагы Бел-Алма күрөң көмүр кени жана Түп районундагы Күрмөнтү акиташ кендери боюнча өткөрүлөт. 

Зилалиев Жер-Үй боюнча зарыл болгон бардык документтер өкмөткө берилип, учурда макулдашуу этабында экендигин билдирди. 

"Азырынча аукционду өткөрүү датасын так айтуу кыйын, себеби, ал белгилене элек. Документтер бекитилгенден кийин мөөнөтүн атайт. Аукционду теледен түз эфир аркылуу өткөрүүнү пландап жатабыз. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аны эртерээк өткөрүү керек", — деди аталган агенттиктин жетекчиси. 

Зилалиев Жер-Үй алтын кенин иштетүү үчүн 100 миллион долларга алууга макул болуп, кызыккан тараптар бар экендигин кошумчалады. Ал эми аукционго катышууга даяр турган инвесторлордун так санын азырынча айта албай тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0