Каржы министрлиги: өкмөттүн уруксаты жок Интерполго мүчөлүк акы төлөөгө болбойт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министрлиги Интерпол сыяктуу уюмдарга мүчөлүк акы бюджеттин жана атайын каражаттардын эсебинен төлөнө тургандыгын билдирди. Бул маселе боюнча чечимди КРдин өкмөтү кабыл алат.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. "Кыргызстан Интерпол сыяктуу приоритеттүү уюмдарга мүчөлүк акы төлөйт", — деп билдирди Каржы министрлигинин маалымат катчысы Назар Малаев.

Анын айтымында, Каржы министрлиги приоритеттүү болуп эсептелген 25 эл аралык уюмга гана мүчөлүк акы төлөйт, бирок алардын катарына Интерпол кирбейт.

"Биз каржылоону өкмөттүн токтомуна ылайык Кыргызстан мүчөлүк кылуучу эл аралык уюмдарга жана КМШ алкагындагы интеграциялык бирикмелерге жүргүзөбүз. Ал тизмеде Интерпол жок", — дейт Малаев.

Маалымат катчысы Интерпол сыяктуу уюмдарга аларга бөлүнгөн бюджеттик ассигнациялар менен атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөрүн билдирди. 

"Мен Интерполдун карызы качан төлөнөрүн билдире албайм, себеби мындай маселелер министрлер кабинетинин деңгээлинде чечилет", — деди Малаев.

Мурдараак Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов Кыргызстан Интерполго мүчөлүк төлөмдөр боюнча 13 жылдан бери топтолуп келген 150 миң евро  карыз деген маалыматты берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0