Грецкий орех

Кыргызстандын жаңгагы Европанын супермаркеттеринде сатылууда

191
(жаңыланган 18:31 12.02.2015)
Учурда 20 тонна грек жаңгагы Европанын белгилүү супермаркеттеринде "Кыргызстанда жасалган" деген жазуу менен "Jack Klijn" бренди алдында сатылууда.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Жалал-Абад облусунан чогултулган жыйырма тонна грек жаңгагы Европада сатуу үчүн ал жакка алынып кеткенин "АгроЛид" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Гүлназ Касеева Sputnik кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны ал жакка жеткирүү БУУнун өнүктүрүү программасы, GIZ, ICCO эл аралык бейөкмөт уюмдарынын жардамы менен жеткирилген.

"Европанын ири соода түйүндөрүнө азык-түлүктөрдү жеткирген чет элдик Intersnack компаниясы Кыргызстандын продукциясына кызыккан. Өзгөчө алар биздин жаңгактарга – мисте, бадам, жер жаңгак жана грек жаңгагын экспорттоого кызыгышты. Анын ичинен Жалал-Абадда өскөн грек жаңгактары абдан келечектүү болду", — деди Касеева. 

Ал ошондой эле, Кыргызстандын продукциясын Европага жеткирүүдөгү негизги шарт Fair Trade системасынын тамак-аш стандарттарын жана коопсуздук эрежелерин сактоо болгонун кошумчалады.

"Fair Trade — бул адилеттүү сооданын системасы. Сатыктан түшкөн киреше өндүрүүчү менен жеткирүүчүнүн ортосунда теңме-тең бөлүнөт. Стандарттарды киргизүү жана аны сактоо оңойго турган жок, бирок биз ага жетише алдык. Жаңгакты өстүрүү менен алектенген дыйкандар аталган система аркылуу социалдык керектөөлөрү үчүн 10 миң доллар алышты", — деди Касеева.

Жаңгакты экспорттоо расмий түрдө болушу үчүн грек жаңгагын чогултуучулар "Кыргыз токой байлыгы" товар-сервистик кооперативге биригишкенин "АгроЛид" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Касеева кошумчалады. Учурда анын 400 мүчөсү бар. Долбоор 2013-жылдын сентябрь айында башталганда алардын саны 2014 киши болчу.

Касеева европалык сатып алуучулардын жыл сайын 60 тоннага чейин грек жаңгагын сатып алуу планы бар экенин белгиледи. Кийинки 20 тонна көлөмүндөгү жаңгак жакын арада жөнөтүлөт. Кыргызстандын жаңгагы Европанын белгилүү супермаркеттеринде "Кыргызстанда жасалган" деген жазуу менен "Jack Klijn" бренди алдында сатылууда.

191
Белгилер:
Европа, Жалал-Абад, Гүлназ Касеева, GIZ, ICCO, БУУнун өнүктүрүү программасы, Жаңгак

Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика

863
(жаңыланган 20:39 24.10.2021)
Sputnik Кыргызстан көбүрөөк суроо-талап менен сатылып жаткан майды аз ичүүчү автоунаалардын баасы кандай өзгөргөнүн анализдеп көрдү.
Кыргызстанда эң өтүмдүү  автоунаалардын баасы

Инфографикада чыккан жылы жаңы унаалардын орточо наркы берилген. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына чыккан маалыматка карап январь-октябрь айларында жүргүзүлдү.

Эң көп сатылган 10 автоунаага төмөнкүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Mazda Demio;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Дээрлик бардык унаалар 200дөн 1000 долларга чейин кымбаттаган.

Сатуучулар жана эксперттер машинанын баасы улам кымбаттай берет деген пикирде. Экономист Элдар Абакиров буга акчанын кунунун кетиши таасир этерин айтат.

"Элде накталай акча бар, бирок аны менен бай болуп кете албайсың. Болгону акча кунун жоготуп баратат. Ушундан улам баары, анын ичинде машина дагы кымбаттап жатат", — деди эксперт.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев баалардын төмөндөшүнө үмүт артпай эле коюу керек деген пикирде.

"Учурда дээрлик баары кымбаттап жатат, ал эми машина суроо-талап менен колдонулат. Мындай кырдаалда эч качан арзандабайт. Бул реалдуулук, жакшы машина алуу үчүн акча чогултуш керек", — деди ал.

"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автоунаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы да себеп болууда.

863
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баа, сатып алуу, кымбат
Тема боюнча
Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү
Экономика жана коммерция министрлигинин экономикалык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Кубан Айдаралиев

Айдаралиев: алты жылда спирт ичимдиктерин өндүрүү алты эсе кыскарган

34
Экономика жана коммерция министрлигинин экономикалык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Кубан Айдаралиев көмүскө экономиканын так көрсөткүчүн аныктоо мүмкүн эместигин белгиледи.

Бюджетти 2022-жылда 280 миллиард, 2023-жылы 400 миллиардга жеткирүү жолдорунун бири — көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Бул тууралуу Кубан Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: алты жылда спирт ичимдиктерин өндүрүү алты эсе кыскарган

Анын айтымында, көмүскө экономиканын көлөмү ар кандай булактарга ылайык 23-44 пайыздын тегерегинде.

"Көмүскө экономиканын үлүшү боюнча маалыматтар салыштырмалуу көрсөткүч. Аныктоонун ар кандай механизмдери, ыкмалары болгону менен көмүскө ишкердик көрүнбөй, жашырынып иш алып барат. Мындан тышкары, легалдуу эмес ишкердик деген түшүнүк бар. Ал расмий каттоодон өтүп, салыгын төлөгөнү менен киреше булактарын азайтып көрсөтөт. Министрлер кабинетинин төрагасы бюджетти 2022-жылда 280 миллиард, 2023-жылы 400 миллиардга жеткирүү планын Жогорку Кеңеште айтты. Ага жетүү жолдорунун бири — бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Мисалы, 2013-жылы 3 миллион 157 миң деколитр спирт продукциясы өндүрүлсө, 2019-жылы бул көрсөткүч 499 миң деколитрге түшүп, алты эсе кыскарган. Тамекини керектөө 2017-2019-жылдар аралыгында 6 миллиард 587 миң даанадан 3 миллиард 752 миңге түшүп кеткен. Албетте, арак, чылымды колдонуунун азайышын колдойбуз, бирок мынчалык азайып кеткен жок да. Унду ички колдонуу 2014-жылы 498 миң тоннадан 2019-жылы 235 миң тоннага чейин төмөндөгөн. Бул көмүскө экономиканын үлүшүнүн өсүп жатканы менен гана түшүндүрүлөт. Анткени керектөө дээрлик азайган жок, калктын саны өсүүдө. Мындай көрүнүш бардык тармакта кездешет, күрөштү күчөтүшүбүз керек. Ошондо бюджетти кошумча кирешелер менен толуктай алабыз. Дагы көңүл бөлө турган жагдай, план айтылганда көпчүлүгү 2020-жылы бажы, салыктан 107 миллиард сом, 2021-жылдын тогуз айында 108 миллиард сом чогултса, кантип 280 миллиардга жеткирилет деген суроо коюлууда. Финансы чөйрөсүндө иштегендер бул жерде консолидацияланган бюджет тууралуу сөз болуп жатканын түшүнөт. Жалпы республикалык, жергиликтүү бюджет, фонддордун төлөмдөрү, салыктык эмес төлөмдөр жана гранттар биригип консолидацияланган бюджетти түзөт", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле ал салык, бажы органдарына төлөмдөрдү көтөрүү тапшырмасы коюлуп жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

34
Белгилер:
экономика, бюджет, салык, Кубан Айдаралиев
Тема боюнча
Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн автоунаанын импорту кыскарды. Тизме
Капельницада илинип турган оюнчук. Архив

Бишкекте тумоологон балдар үчүн дагы бир ооруканага орун даярдалууда

0
(жаңыланган 12:30 25.10.2021)
Кошумча орундар Шаардык клиникалык балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү максатында түзүлүүдө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар Шаардык кургак учукту алдын алуу жана реабилитациялоо балдар борборунун базасында даярдалат. Бул жакка абалы орточо оордуктагы балдар жаткырыларын брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Жыл сайын өлкөдө күз-кыш мезгилинде сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын көбөйүшү байкалат. Бул илдеттерди чоң кишилер жеңил көтөрөт, бирок санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса балдарга да жугузушат. Оору көбөйүп жаткандыктан балдарды кабыл алуу үчүн кошумча орун даярдоо чечими кабыл алынды", — деди Акматова.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдар үчүн Республикалык диагностикалык борбордун базасында орундар даярдалганын айткан. Ал жакка орточо оор абалдагы бөбөктөр жаткырылат.

Кошумча орундар Шаардык клиникалык балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү максатында түзүлүүдө.

Вирустук жугуштуу оорулар күчөп жаткандыгына байланыштуу ордо калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордун баары дем алыш күндөрү да иштеп жатат.

0
Белгилер:
Бишкек, оорукана, бала, сасык тумоо, керебет
Тема боюнча
Сасык тумоо, пневмония болгон балдар үчүн убактылуу стационар ишке кирет
Тумоологон балдар көбөйдү. Бишкекте бейтапканалар дем алышсыз иштейт