ЕАЭБде бирдиктүү валюта түзүү азырынча байкалбайт, дейт Оторбаев

Жазылуу
ЕАЭБдин аймагында өз ара эсептешүүлөр улуттук валюталардын кросс-курсу менен ишке ашарын премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Sputnik сайтынын кабарчысына ЕАЭБдеги бирдиктүү валюта жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, Евразиялык аймакта азырынча бирдиктүү валюта түзүү боюнча эч нерсе пландала элек

— ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ортосундагы товар айланууда өз ара эсептешүүлөр кайсы валютада болот жана кийин кандайдыр бир бирдиктүү акча бирдигин түзүү каралып жатабы?

Архив: акча - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер: каржы-соода аракеттерин улуттук валюта аркылуу жүргүзүү — патриоттуулук
— Өз ара эсептешүү боюнча мүчө-мамлекеттердин борбордук банктары учурда абдан катуу иштеп жатат. Эсептешүүлөр улуттук валюталардын кросс-курстары аркылуу ишке ашат. Күн сайын алар оңдолуп жана бекитилип турат. Бизде болгон маалыматтарга ылайык, ЕАЭБдин аймагына бирдиктүү валюта киргизүү боюнча азырынча эч нерсе пландала элек. Балким кийин келечекте болуп калышы ыктымал.

Жоомарт Оторбаевдин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү жөнүндөгү суроолорго берген жоопторун эксклюзивдүү маектен толук окуңуздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0