Рабочий визит В.Путина в Астану для участия в заседании ВЕЭС

ЕАЭБ департаментинин башчысы: биздин туристтер Ысык-Көлгө баргылары келет

60
ЕАЭБнын Афинада өткөн алгачкы чет элдик бетачары курорт аймактарын, анын ичинде Ысык-Көлдү инвестициялоо темасын козгоду. ЕЭКнын Интергацияны өнүктүрүү департаментинин директору Виктор Спасский "туристтер бул көлгө баргылары келе тургандыгын" белгиледи.

БИШКЕК, 28 фев — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын Интергацияны өнүктүрүү департаментинин директору Виктор Спасский ЕАЭБнын бейшембиде Афинада өткөн алгачкы чет элдик бетачарында Ысык-Көл аймагын көрктөндүрүп, жакшыртуу керектигин айтты деп билдирет РИА Новости.

Афинадагы иш-чарада Спасский евронун курсу өзгөрүшүнө жана анын натыйжасында россиялыктардын төлөөчүлүк жөндөмүнүн төмөндөшүнө байланышкан маселени козгоду. Ошондуктан бул жылы россиялык туристтер интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн курортторуна көбүрөөк бара тургандыгы күтүлүүдө деп белгилейт департаменттин директору.

Үстүдөгү жылдын май айында Кыргызстандын жаңы экономикалык биримдикке кошулушу жөнүндө айтып жатып, Армения ЕАЭБга кошулууга арызын бир топ кеч бергенине карабай, көбүрөөк даяр экендигин айтты. 

"Армениянын тийиштүү жол картасы КРге караганда бир топ тез ишке ашырылды. Ошондуктан ал эмитен эле биздин катарыбызда. Азыр биримдиктин мүчөлөрү ЕАЭБга кирүүгө даярдыктардын аягына чыгууда Кыргызстанга жардам берип жатышат. Мисалы, сертификациялоочу лабораторияларга каражат бөлүнүп берилди", — деп белгиледи департамент башчысы.

Эркин экономикалык аймакка кошулууну Индия, Израиль, Египет суранып жаткандыгын айтты ал. Бардыгы болуп 40 арыз келип түшкөн. Азыр аларды адистер пайдалуулук жагынан изилдеп жатышат. КРден башка уюмдун жаңы мүчөлөрү жөнүндө азыр кеп боло элек деп баса белгиледи Спасский.

Анын айтымында, кайсы бир тарапка тоскоолдук кыла турган болсо экономикалык кызматташтык жүргүзүү мүмкүн. Биримдик өзүнө мүчө бардык мамлекеттерде ишкердик үчүн шарт түзүүнү көздөйт. 

"Биз рыноктун бардык мүчөлөрүнүн иши үчүн ыңгайлуу шарт түзүү ниетиндебиз. Эгер рынокко чет элдик ишкерлер келсе, алардын маркасы кандай болбосун өндүрүмдөрү улуттук болуп калат", — деди Спасский.

Департаменттин жетекчиси мурдагы совет аймагында жашап жаткан жаңы уюм эң биринчи кезекте экономикалык кызматташтыкты билдире тургандыгын жана анын саясий максаттарды көздөбөгөндүгүн баса белгиледи. 

"Биз мунайдын жана газдын 2025-жылга карата жалпы рыногун түзүүнү пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө ЕАЭБнын аймагында фармацевтикалык жалпы рынок иштеп жаткандыгын тастыктай алабыз", — беп билдирди Спасский.

Белгилей турган нерсе, биримбиктин мүмкүнчүлүктөрү менен Афинада тааныштырууда газ, унаа сатуу, порт курулуштарын өнүктүрүү ж.б. жагынан Греция менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү айтылды. 

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюшуп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Экинчи январда ЕАЭБга Армения кошулду, ал эми май айында Кыргызстандын да кошулушу күтүлүүдө.

60
Белгилер:
бизнес, жол карта, туризм, Евразиялык экономикалык биримдик, Виктор Спасский, Ысык-Көл, Афина, Кыргызстан, Армения, Греция, Россия

Кыргызстандыктар жактырып айдаган унаалардын баасы. Инфографика

166
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада өтүмдүү делген 15 автоунаанын баасы берилди.

Кыргызстандыктар арасында эң популярдуу унаалардын тизмеси:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класса;
  • Daewoo Matiz;
  • BMW, 5-серия;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баа мониторинги 20-ноябрда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарына жарыяланган маалыматка таянып жасалды. Машиналардын баасы доллар менен көрсөтүлгөн (27-ноябрга карата доллардын баасын Улуттук банк 84,7 сом деп бекиткен).

166
Белгилер:
баа, унаа, популярдуулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга жалпы эреже менен машина алып кирүү канча турат. Калькулятор
Көз айнек жана сом купюралары. Архив

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды

82
(жаңыланган 13:16 02.12.2020)
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясы мамлекетке 13 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы социалдык объектилерди курууга сарпталган акчанын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

Мааламатка караганда, аталган дирекция 2016-2019-жылдары З.С. аттуу жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылына спорт зал куруу үчүн келишим түзгөн. 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

"Бирок дирекциянын өкүлдөрү пайда көрүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып З.С. ЖЧКсынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып айрым иштерди жогорулатылган баада жасаткан. Ошондой эле аткарылбаган иштер дагы сметага кирип калган. Анын кесепетинен мамлекетке 4 миллион 324 миң 200 сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала бакча куруу үчүн дирекция менен жогоруда аталган ЖЧКнын ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

"Мында дагы тараптар сүйлөшүп алып мамлекетти 4 миллион 378 миң 100 сом зыянга учураткан", — дешти Башкы прокуратурадан.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала бакча курууда дирекциянын кызмат адамдары менен ТИП коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 4 миллион 338 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылды.

Мамлекетке жалпы жонунан 13 миллион 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

82
Белгилер:
бюджет, коррупция, фонд, өнүктүрүү, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Прокуратура 10 млн. сомдук жер тилкени мамлекетке кайтарды
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды