Кыргызстанда аккредитациядан 92 лаборатория өттү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРабота лаборатории. Архив.
Работа лаборатории. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эл аралык стандарттар менен КР май айында кире турган жаңы интеграциялык уюмдун талаптарына жооп бере турган 92 лаборатория аккердитациядан өттү.

БИШКЕК, 2-мар — Sputnik. Экономика министри Темир Сариев Кыргызстанда Бажы биримдиги менен Евразиялык экономикалык Биримдиктин алкагындагы мүчө өлкөрдүн жана эл аралык стандарттарга жооп бере турган 92 лаборатория аккредитациядан өткөндүгүн билдирди.

"Атамекендик продукциялардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүп, Бажы биримдигине (ББ) мүчө өлкөлөрдүн базарларында сатылышы биз үчүн абдан маанилүү. Учурда 92 лаборатория Кыргыз Аккредитация Борборунан (КАБ) аккредитациядан өттү. Аталган борбор эл аралык стандартка жооп бере турган эл аралык ILAC деп аталган уюмга мүчө. Биздин борбордун сапатын атайын комиссия келип текшерип, анын Бажы биримдигинин талаптарына толук жооп бере тургандыгы боюнча аккредитация бере ала турган орган боло аларын тастыктады. Эгерде биздин лабораториялар КАБдан каттоодон өтсө, алар Бажы биримдиги менен ЕАЭБдин лабораториялар реестирине кирип, бүткүл аймакта таанылат", — деп айтты Экономика министри Темир Сариев.

Работа ФГУП Антидопинговый центр - Sputnik Кыргызстан
Сертификациялоо боюнча лабораториялар майга чейин даяр болушу керек дейт премьер
Лабораториялар боюнча турган дагы бир маселе – алардын кээ бирлеринде терең анализ кыла турган жабдуулардын жоктугу. Муну чечүү үчүн РФ тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын алкагында, ББ талаптарына жооп бергидей кылып жабдуу боюнча маселе каралууда. Мындай жайлар бир нече болот, тактап айтканда, ветеринария боюнча өлкөнүн түштүгүндө бир, түндүгүндө бирөө, фитосанитария боюнча да дал ушундай схема менен эки, ал эми тамак-аш жаатында 33 лаборатория жабдылмакчы. 

Лабораториялардын ичинен тамак-аш боюнча иш алып баргандары толугу менен аккредитациядан өтүп, эл аралык стандарттарга жооп берет, жакынкы арада ветеринария боюнча иш алып барган жайлардын да маселеси толугу менен чечилмекчи. Азыр суроо жаратып жатканы – фитосанитардык лабораториялар болууда, алардын жабдуулары начар, кызматкерлер аз. 

Буга чейин Сариевдин КРдеги лабораторияларды Бажы биримдигинин нормаларына ылайыктап кайра жабдыш үчүн 28 миллион 800 миң доллар талап кылынаарын, учурда республика боюнча 80ден ашуун сынак лабораториялар бардыгын маалымдаган. Кыргызстан лабораторияларды жаңылоо, жабдууларын жакшыртуу боюнча Россиядан келе турган 200 миллион доллардын эсебинен чечүүнү пландап жаткандыгын да кошумчалаган. 

Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Sputnik маалымат сайтына берген маегинде сертификациялоо боюнча лабораториялар майга чейин даяр болушу керектигин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0