Бельянинов: Кыргызстандан ЕАЭБге кирүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз

© Sputnik / Михаил Воскресенский, STF / Медиабанкка өтүүБажы кызматы. Архив
Бажы кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрү Кыргызстандын аталган бирикмеге киришин жана бул боюнча зарыл болгон процедуралардын аягына чыгышын күтүп жатат деп билдирди Россиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Биз бешинчи мүчөнүн ЕАЭБдин командасына киришин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз", — деп айтты Россиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов КР өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолугуп жатып.

Анын айтымында, өткөн жылдын соңу менен быйылкы жылдын башталышы "КР менен РФ үчүн толкунданткан маанилүү кадамдардан болгон".

РФтин аталган кызматынын жетекчиси Кыргызстан ар кыл өлкөлөрдөн келген бизнес, адамдары жана потенциалдуу инвесторлор үчүн "модалуу аймакка" айланып жаткандыгын кошумчалады. 

"Биздин алдыбызда турган милдеттер аткарылат деп ойлойм", — деп айтты Бельянинов.

Өкмөт башчысы Оторбаев ага жооп иретинде КР менен РФтин алакаларында евразиялык интеграция өзгөчө орунда тургандыгын айтты. 

"Биз эки өлкөлөр ортосунда стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөдө республиканын багыттарынын өзгөрбөй тургандыгын бекемдей кетмекчибиз. Мен бул демилгеси үчүн Татарстандын президенти менен бул өлкөдөн келген делегацияга ыраазычылыгымды билдирем. Биздин кыргыз-татар форуму майнаптуу болду", — деп билдирди Оторбаев. 

Өкмөт башчысы Кыргызстан эки тараптуу суроолорду талкуулап, кызматташа турган жагдайларды аныктоого кызыкдар болуп жатканын кошумчалады.

"Бизде өзгөчө, өнөр жай жана энергетика жаатында россиялык тарап менен олуттуу долбоорлор өтө көп, алар "Газпром" жана "РусГидро" компаниялары менен байланыштуу", — деди ал. 

Министрлер кабинети Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу суроолору боюнча мындан ары бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенип жаткандыгын белгилеп айтты. 

Россия, Беларусь жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астанада Евразиялык экономикалык биримдик боюнча келишимге кол койгон, аталган документ 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. 2-январда ЕАЭБге Армения кирген, ал эми Кыргызстандын май айында кирүүсү күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0