Темир Сариев министр экономики Кыргызской Республики

Сариев менен Лаврова кыргыз-орус фондунун директорлор кеңешине кирди

34
(жаңыланган 09:20 12.03.2015)
Кыргыз өкмөтү аларды дайындоо жөнүндө 6-мартта буйрукка кол койду.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Экономика министри Темир Сариев менен Каржы министри Ольга Лаврова кыргыз-орус өнүгүү фондунун директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан бекитилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка 6-мартта кол коюлган.

Февраль айынын башында кыргыз-орус өнүгүү фондун Нурсулу Ахметова жетекетеген. Андан сырткары башкармалыктын дагы башка мүчөлөрү аныкталды. Башкармалыкка "РСК Банктын" жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Айбалаев жана KICB банкынын башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков кирди.

Директорлор кеңешине Россия тараптан үч өкүл жана Кыргызстандан эки өкүл кирет. Ал эми кеңештин башкармалыгында Кыргызстандан үч, Россия тараптан эки өкүл болот.

34
Белгилер:
Кыргыз-орус инвестициялык фонду, Бакыт Курманбеков, Алмаз Айбалаев, Нурсулу Ахметова, Темир Сариев, Ольга Лаврова
Тема боюнча
Нурсулу Ахметова Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгын жетектеди
Пикирлер