Ишкерлер эл аралык стандарттар боюнча иштөөгө үйрөнүш керек

© Фото / Улан МамытовЭкономика министрлигинин алдындагы экспорттук саясат боюнча Кыргызстандын Россиядагы расмий жана толук ыйгарымдуу өкүлү Улан Мамытов
Экономика министрлигинин алдындагы экспорттук саясат боюнча Кыргызстандын Россиядагы расмий жана толук ыйгарымдуу өкүлү Улан Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө эл аралык рыноктор жана аларда иштөө жөнүндө билимдер жетишпейт. Сабаттуу маркетинг жана менежмент жүргүзүлө турган болсо, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Өзбекстан, Тажикстан, Аргентина, Түркия жана Израиль өлкөлөрүнөн атаандаштарды сүрүп чыгара алат.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Экономика министрлигинин алдындагы экспорттук саясат боюнча Кыргызстандын Россиядагы расмий жана толук ыйгарымдуу өкүлү Улан Мамытов РФ сапатту азык-түлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүн чыгаруучуларга муктаж экендигин Sputnik кабарчысына айтып берди.

Алсак, россиялык кардарлар Кыргызстандын жашылча-жемиштерин, тоңдурулган мөмөлөрүн, консервацияланган жашылча-жемиштерди, табигый ширелерди, дандарды жана жаңгактын түрлөрүн сатып алууга даяр.

Мамытовдун пикир боюнча, Москва менен Новосибирск шаарларына көңүл буруш керек.

"Москва башка рынокторго чыгууга мүмкүндүк берет, ал эми Новосибирск Кыргызстанга бир топ жакын жайгашкан жана ал жакта талап Москвадагылай катуу эмес. Дал ошол Сибирь рыногунда биздин жаш өндүрүүчүлөр өз күчүн сынап көрө алат", — дейт Экономика министрлигинин өкүлү.

Ал КРдин өндүрүүчүлөрү сабаттуу менежменттин жардамы менен россиялык рынокту багындырууга үйрөнүүсү зарыл деп эсептейт.

"Аябай көп кагаздарды толтуруш керектигин дароо эскертким келет. Жана Кыргызстандын товарлары тармактуу супермаркеттин текчесинде пайда болгонго чейин, акча төлөөгө туура келет", — деп баса белгиледи Мамытов.

Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн аз гана бөлүгү тиги же бул рынокко кирерден мурун анын шарттары менен тааныша тургандыгын белгиледи ал. Калгандары эч даярдыксыз эле келе беришет.

"Алар сокур мышыктардай иш кылышат, рыноктун конъюнктурасын жана башка мыйзам ченемдерин билишпейт. Турмуштан эле алынган бир мисал: бир кишилер 60 тонна сабиз алып келишип, мага 8-марттын алдында кез киргенде кайрылышты. Сабизди төмөндөтүлгөн гана баада сатууга мүмкүн болду. Себеби анын сапатын текшерүүсүз сатып алууга баары эле даяр боло бербейт да. Алар тобокелдик кылып келе бергени мактоого татырлык дечи. Бирок, тилекке каршы, ал өзүн актаган жок. Рынокту билбегендиктен алар чыгым тартып калышты", — деп айтып берди Мамытов.

Ал өндүрүүчүлөр менен ортомчулар аркылуу эмес түз иштөө артык экендигин белгилейт. Себеби мындай учурда товардын баасы көтөрүлбөйт жана атаандаштыгын сактап калат.

"Ортомчулардын баш тартуу дароо баалардын түшүүсүнө таасир кылат. Биз ийкемдүү болууга үйрөнүшүбүз керек, себеби Өзбекстан менен Тажикстан да бул орунду ээлесек деп турат", — деп жыйынтыктады Экономика министрлигинин алдындагы экспорттук саясат боюнча Кыргызстандын Россиядагы расмий жана толук ыйгарымдуу өкүлү.

Ал белоруссиялык жана казакстандык ишкерлерди мисал келтирди. Алар Мамытовдун эсеби боюнча айыл чарба жана азык-түлүк товарлар рыногунун 70 пайызын ээлеп турат.

"Рынокко жаңы товар алып чыкканда, алар кардарларды тартуу үчүн демпингди пайдаланышат. Карар продукту алып көнүп калганда анын баасы акырындык менен жогорулайт", — дейт ал.

Эгер КРдин өндүрүүчүлөрү экспортко иштөөгө үйрөнүшсө, россиялык рыноктордо бекем орун алууга мүмүкнчүлүктөрү бар деп эсептейт Мамытов. Баа саясаты жагынан катуу иштеп, жакшы жарнама жүргүзүлсө "Кыргызстанда чыгарлыган" деген белгиси бар продукция Өзбекстан, Тажикстан, Аргентина, Түркия жана Израиль өлкөлөрүнөн келүүчү өзүнө окшош товарларды сүрүп чыгара алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0