Эки айдан кийин тамекинин акциздик салыгы көбөйтүлөт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТамеки өндүрүү. Архив
Тамеки өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы үч жылда салыктын көлөмү фильтирлүү тамекилер үчүн 600 сомдон 950 сомго чейин, ал эми фильтирсиз тамекилердики 100 сомдон 950 сомго чейин жогорулашы мүмкүн.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучу- мамлекеттеринде бирдиктүү рынокту калыптандыруу үчүн шарт түзүүгө, салыктардын айрым түрлөрүнүн ставкаларын шайкеш келтирүү үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин негизинде Алмазбек Атамбаев тамекиге болгон акциздик салыкты этап-этабы менен жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.

Мыйзам фискалдык багытка ээ жана калктын тамеки продукцияларын колдонуусун азайтууга түрткү берүүчү шарттарды түзүүгө багытталган. 

Мыйзамга ылайык Кыргызстандын Салык кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Алсак, мыйзам менен КР Салык кодексине тамеки продукциясына белгиленген акциздин базалык ставкаларды этап-этап менен жогорулатуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Жаңы мыйзамга ылайык, миң даана фильтирлүү тамеки үчүн жаңы тариф боюнча 2015-жылдын 1-майынан тарта 600 сом, 2016-жылдын 1-январынан тарта 750 сом, 2017-жылдан тарта 950 сомго кымбаттайт. Ал эми фильтирсиз тамекилер үчүн салык 2015-жылдын май айынан тарта 100 сом, 2016-жылы 400 жана 2017-жылы 950 сом болот.

Андан сырткары административдик жоопкерчилик кодексине да өзгөртүү киргизилип, мыйзам бузгандарга 500 сомго чейин айып жогорулатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0