Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө
Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан бир жылда 14 млрд киловатт-саат электр энергиясын колдонууда.

Электрическая подстанция в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жаз, жай айларында Тажикстандан электр кубатын сатып алуу ниетинде
БИШКЕК, 26-мар. – Sputnik. Бүгүнкү күнү Кыргызстан бир жылда 14 миллиард киловатт-саат электр энергиясын колдонуп жатат. Токтогул ГЭСи жылына 12 миллиард Электр энергиясын иштеп чыкса, жылуулук станциялары 1 миллиард иштеп чыгат. Андыктан, 1 миллиард киловатт электр энергиясын импорттун эсебинен жабууга аргасызбыз. Мындай пикирин «Энергетикадагы маселелер жана аларды чечүү жолдору» аттуу кереге кеңеште «Электр станциялары» ААКтын эксперти Жолдошбек Назаров билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстандагы электр станцияларынын жабдыктары алмаштырылып, күчтүү агрегаттар коюлуп жаткандыктан, азыр абал салыштырмалуу жакшы экенин белгиледи.

"Эгер электр станцияларынын плотиналары маалында чыңдалбаганда азыр мындан да начар абал болмок",— деди ал.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин профессору Калый Рахимов энергетика тармагында жаралып жаткан таңсыктыктарды кичи ГЭСтерди куруу менен чечсе боло турганын айтып, Кыргызстанда андай шарт бар экенин кошумчалады.

"Кичи ГЭСтерди 2-3 жылда ишке киргизсе болот. Ал аз каражатты талап кылат. Таңсык болуп жаткан 1 миллиард киловатт электр энергиясын ушундай жол менен чечсе болот", —деди ал.

Рахимовдун айтымында, коңшу Тажикстанда 100дөн ашык кичи ГЭС бар. Азыр дагы 7 кичи ГЭС курулуп жатат. Анын бешөө Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан, эки ГЭСти мамлекет өзү куруп жатат.

"Тажикстан бир жылда 17 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Анын 3 миллиард киловатт энергиясын ушул кичи ГЭСтер иштеп чыгат", — деди ал. 

Кыргызстанда быйыл да электр энергиясынын тартыштыгы болору айтылып, бул таңкыстыкты жоюу үчүн коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо жагы каралууда. Быйыл кышында Казакстандан электр энергиясы импорттолсо, жайында Тажикстандан электр энергиясын алуу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0