Жылуулуктун баасы 1-апрелден баштап кымбаттайт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКапитальный ремонт здания городской детской клинической больницы в Новосибирске
Капитальный ремонт здания городской детской клинической больницы в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулуктун баасы гигакалорийине калк үчүн 218 сомго, мекемелер үчүн 778 сомго кымбаттайт.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 2015-жылдын 1-апрелинен тарта жылуулук тарифи көтөрүлөт. Калк үчүн бир гигакалорийдин баасы 1134,76 сом, мекемелер үчүн 1 695,1 сом болот. Бул тууралуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев билдирди.

2014-жылдын 1-июлуна чейин бир гигакалорий 715 сом болгон. 1-июлдан тарта анын баасы 917 сом деп бекитилип, социалдык норма деп эсептелген бир гигакалорийден ашык колдонгондор 1557,25 сом төлөйт деп көрсөтүлгөн. Бирок, былтыр 1-декабрдан тарта бирдиктүү тариф киргизилип, бардык баалар 917 сом деп аныкталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0