Улуу Жеңиштин урматына атыла турган салютка дээрлик 500 миң сом бөлүнүшү мүмкүн

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүМайрам. Архив
Майрам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штабдын маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Дүйшөмбеков билдиргендей, Улуу Жеңиштин урматына атыла турган майрамдык салюттар үчүн кошумча каражат бөлүү үчүн рапорт берди.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте боло турган майрамдык салют үчүн 499 миң сом бөлүнүшү мүмкүндүгүн Кыргызстандын Башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Башкы штабдын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Дүйшөмбековдун айтымында, Башкы штаб майрамдык салютту план боюнча өткөрүү үчүн тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.

"Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата атыла турган салютту уюштуруу план боюнча жүрүүдө. Учурда ага 357 миң сом бөлүндү", — деди Дүйшөмбеков.

Бишкекте боло турган фейерверк артиллериялык куралдардардан атыла турганын кошумчалады ал.

"Куралдуу күчтөр башкармалыгы пушкалардан атылчу салюттар россиялык "Россалют" компаниясы менен биргеликте ишке ашырат. Фейерверктер үчүн снаряддарды даярдоо үчүн каражаттар которулду", — дейт ал.

Салют кооз болушу үчүн Коргоо министринин атына дагы кошумча каражат бөлүү үчүн рапорт жөнөтүлгөнүн, ага ылайык, 142 миң сом бөлүнүшү күтүлүп жатканын Дүйшөмбеков кошумчалады.

"Майрамдык салют үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү 499 миң сомго чейин жетиши ыктымал", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0