Ишкерлер Ветинспекциянын жетекчилигин кызматтан алууну өкмөттөн талап кылышууда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭшек. Архивное фото
Эшек. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык инспекция эшек этинин чуусу чыкканда аларга тийиштүү деңгээлде жооп кайтарып, кээ бир фактыларды аныктагандан кийин гана маалымат бериши керек болчу. Бул кызматтагы адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси ишкерлерге чыгым алып келди деди Сергей Понамарев

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. КР рыногунун ишканалары тейлөө тармагы ассоциациясынын президенти Сергей Понамарев Ветеринардык инспекциянын шалаакы аракеттеринен ишкерлер жабыркап жатканын айттып, ветеринардык иинспекциясынын жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылып, премьер-министрге кайрылды. 

Анын айтымында, аталган инспекциянын өкүлдөрү эшек этинин чуусуна алып келбей, алардын алдын алып текшерип турушу керек болчу.

"Ветеринардык инспекция эшек этинин чуусу чыкканда аларга тийиштүү деңгээлде жооп кайтарып, кээ бир фактыларды аныктагандан кийин гана маалымат бериши керек болчу. Бул кызматтагы адамдардын жоопкерчиликсиз мамилеси ишкерлерге чыгым алып келди", — деди ал.

Учурда 605 эшектин этин жок кылуу жагы чечилип жатат
Понамарев ошондой эле, Кыргызстанда этти кайта иштетүү тармагы солгундап кеткенин, учурда тоок эти өлкөдө жакшы сатылып атканын кошумчалады.

"Шелковый путь" туризм ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров эшек этинин чуусу Кыргызстандын жайкы туризм сезонуна да терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, азыр Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо алгандардын саны аз. Муну өнөктөш фирмалар да билдирип жатат, — дейт ал.

"Биз менен иштеген компаниялар Ысык-Көлгө сатылып жаткан жолдомолорго суроо-талап түшүп кеткенин айтышууда", — деди Комиссаров.

Ал ошондой эле, туризмде атаандаштык катуу болгондуктан, бир катар фирмалар өздөрүнүн пайдасы үчүн бардык аракеттерди көрүп, бизге келе турчу туристтердин агымын азайтууга болгон аракетин көрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0