Оторбаев: Centerra Gold Inc. коюп жаткан шарттар жараксыз

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр. Архив
Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин пикиринде, Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү КРдин кызыкчылыгына туура келбейт, маселе боюнча альтернативалуу чечим табуу зарыл.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Centerra Gold Inc. бүз үчүн жараксыз шарттарды коюп жатат. Анын катарында бардык пайда болуучу талаш-тартыштары толук өзү жөнгө салуу шартын коюуда деп билдирди маалымат жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Анын сөзүнө караганда, Кумтөр маселеси узакка созулуп кетти жана азыркы өкмөт үчүн "жүк" болуп калды. Кен жайын иштетүүнүн жаңы тоо-кен планы жарыялангандан кийин, министрлер кабинети жагдайды эки багытта чечүүнү сунуштайт. Биринчиси — тоо-кен планын жарыялоо жана бардык кесепеттерин эсепке алуу; экинчиси — Centerra Gold Inc. директорлор кеңешине КР тараптан көз карандысыз талапкерлерди, анын ичинде чет элдик адистерди сунуштоо.

"Биргелешкен ишкана түзүү эми республика үчүн кызыктуу эмес, жана бул алтын көлөмүнүн азайышынан гана болгон жок. Реструктуризациялоо процессинде Centerra Gold Inc. биз үчүн ылайыксыз шарттарды, анын ичинде бардык талаштарды толук жөнгө салууну сунуштап жатат. Centerra оффшордук компаниялар аркылуу иштеши да көп күмөн саноолорду жаратат", — деди премьер.

"Кумтөр" маселеси парламентте түштөн кийин каралат
Кумтөрдү улуттарштыруу да туура эмес вариант деп кошумчалады Оторбаев.

2014-февралында парламент өкмөт менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө меморандум түзүүнү жактырган. Министрлер кабинетинде "Кыргызалтын" ААКнын үлүшүн өзгөртүү боюнча жаңы макулдашууда 2009-жылдагы бардык келишимдер негиз кылып алынгандыгын түшүндүрүшөт. Кумтөр кенин иштетүүнүн жаңы шарттары боюнча "Кыргызалтын" менен Centerra тең үлүштүк шартта биргелешкен ишкана түзүшмөк. БИ түзүү жөнүндө келишимди сунуштоого министрлер кабинетине үч айлык мөөнөт берилген, бирок канадалыктар менен сүйлөшүүлөр азыркыга чейин улантылууда.

"Ата Мекен" фракциясы Кыргызстан "Кумтөр" долбоорунда акцияларын толук жоготуп коюшун алдын алуу максатында кен жайын улутташтыруу жөнүндө ойду сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0