Залепо: бир айда Centerra акцияларын кармоочуларынын төрттөн бири алмашты

Залепо: бир айда Centerra акцияларын кармоочуларынын төрттөн бири алмашты

38
(жаңыланган 11:55 16.04.2015)
Centerra Gold Inc. акцияларын майда кармоочуларынын активдүүлүгү алардын алмашуусуна алып келүүдө. Бир ай ичинде акционерлердин тизмесинде аттардын төрттөн бири алмашты.

БИШКЕК, 16апр. — Sputnik. Centerra Gold Inc. акционерлерин эң активдүү деп көз карандысыз эксперт Андрей Залепо Бишкекте өткөн Жеке инвесторлор клубунун отурумунда сүйлөгөн сөзүндө атады. 

КРдин белгилүү экономисттери 15-апрелде Кумтөр кен жайында бышып жетилген көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн чогулушкан. Мурдараак премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. директорлор кеңешине чет элдик жарандарды көз карандысыз башкаруучулар катары тартуу ниетин билдиргени коомдо талаш-тартыштарды жараткан эле.

Залепо тегерек столго келерден мурун Centerra Gold Inc. сайтына киргендигин айтты. Акционерлердин толук эмес тизмесин таап, ал баалуу кагаздарды кармоочулардын олуттуу бөлүгү алмашкандыгын белгиледи. 

"Ушул эл тизменин бир ай мурункусун карап көрсөк, анын жок эле дегенде төрттөн бири башка болот", — деп бөлүштү эксперт.

Анын айтымында, батыштын биржалык фондалары үчүн күнүгө соода-сатык, алмашуулар кадыресе көрүнүш. Ал эми Centerra Gold Inc. акционерлеринин көпчүлүгү орто эсеп менен 0,5 пайыз баалуу кагаздардын кармап турат.

Отурумга катышкан экономист Эрик Таранчиев өз кезегинде Кыргызстан ээлик кылуучу 33 пайыз акция "чынында көп" экендигин белгиледи.

Centerra Gold Inc. компаниясынын 33 пайыз акциясынын көзөмөлдүк пакетине КРдин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кармап турат.

Кумтөр алтындын кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген кен жайы болуп эсептелет. Аны Канаданын "Камеко" компаниясы 1994-жылы иштете баштаган. Алгач долбоордо кирешенин 70 пайызы Кыргызстанга жана 30 пайзы "Камеко" жетекчилигине тиет деп болжолгон. Макулдашуулар ратификацияланган соң 2003-жылы "Камеко" Centerra Gold Inc. болуп кайра түзүлүп, ал республиканын чегинен сырткары бир нече кен жайын иштете тургандыгын жарыялаган. Ошентип, компаниянын масштабы өсүп, ага жараша КРдин долбоордогу акциялары 70тен 33 пайызга түшүп кеткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр маселеси менен алектенген Кубанычбек Исабеков Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөн башка бардык иштептип жаткан кен жайлары жалган экендигин мурдатан бир нече жолу билдирген эле. 

38
Белгилер:
Отурум, акция, Centerra Gold Inc, Кумтөр, Андрей Залепо, Эрик Таранчиев, Кубанычбек Исабеков, Жоомарт Оторбаев
Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Тема боюнча
Аттокуров: Кумтөр маселесинде премьер чет элдиктер арасында өз жактоочуларын издөөдө
Алтын куймасы. Архив

Кыргызстан былтыр аз көлөмдөгү алтынды кымбатка сатты. 11 айдын жыйынтыгы

41
Кыргызстан өткөн жылдын 11 айында 2019-жылга салыштырмалуу 250 килограммга аз алтын саткан. Анын көбү Улуу Британияга экспорттолгон.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кыргызстан чет өлкөгө 905,9 миллион долларлык алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Жалпысынан өткөн жылы 16 тонна 278,3 килограмм баалуу металл сатылса, анын 18 килограммы Түркияга, калганы Улуу Британияга экспорттолгон.

2019-жылдын ушул мезгилинде 16 тонна 541 килограмм алтын 729,5 миллион долларга сыртка сатылган.

Алтындын дүйнөлүк баасы

Эске салсак, өткөн жылы алтынга болгон баа өскөн, ал трой унциясына карата (31,1 грамм) 1 500 доллардан 2 000 долларга чейинки баада өзгөрүлүп турган.

Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.

Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1 500 доллардан төмөн болсо, августта 2 000ден ашкан. 2019-жылы баалар 1 500 доллардан дээрлик жогорулаган эмес, тескерисинче, кээде төмөндөп, 1 300 долларга чейин түшкөн.

41
Белгилер:
Кыргызстан, алтын, сатуу, сумма
Тема боюнча
Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп
Коопсуз шаар долбоорунун текшерүү борбору. Архивдик сүрөт

Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 700 млн. сомдон ашык каражат түшкөн

86
(жаңыланган 17:26 15.01.2021)
Министр "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн каражатка былтыр Тез жардам кызматына автоунаалар алынганын белгилеген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.

Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.

86
Белгилер:
акча, тез жардам, каражат, Коопсуз шаар
Тема боюнча
Февралда Бишкекте шаардык транспортту толук көзөмөлдөөчү департамент түзүлөт
"Коопсуз шаардын" акчасына 37 тез жардам унаасы сатып алынды. Видео
Ооруканадагы бейтаптын орун жайы. Архивдик сүрөт

Бишкектеги ооруканаларда COVID жуктургандарды жаткырганга 306 орун бар

0
(жаңыланган 13:48 17.01.2021)
Саат 12:00гө карата берилген маалыматка таянсак, борбор калаадагы ооруканаларда COVID-19га чалдыккандарды жаткырып дарылай турган 306 бош орун бар.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

17-январь саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 306 бош орун бар.

Коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар:

  • Улуттук хирургия борбору — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 19;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 78;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 172;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 16;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 19.

Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус 123 адамдан табылып, алардын ичинен 38 бейтаптын өтө оор абалда жатканын Республикалык штаб маалымдады. Ал эми илдеттен 128 киши айыгып кетти. Тилекке каршы, Бишкектеги ооруканадан эки адам COVID-19дан каза тапты.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жумаканова: январдын соңунда COVID менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн
Кениядан коронавирустун 16 түрү табылды. Эксперттер тынчсызданууда
Коронавирус: ДССУ быйылкы жыл былтыркыдан да оор болорун айтты