Сарпашев дыйкандарга тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну сунуштады

© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүСуугат. Архив
Суугат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Кыргызстан боюнча тамчылатып сугаруу системасы 140 гектардай жерде иштеген. 2015-жылы анын көлөмүн миң гектарга жеткирүү пландалууда.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөдө тамчылатып сугаруу технологияларын колдонуу боюнча долбоор ишке ашып баштагынан маалымдаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сарпашевдин айтымында, сугаруунун мындай ыкмасы топурактын курамын сактап, жер кыртышын эрозиядан коргоп, түшүмдүүлүктү көбөйтөт. Учурда долбоорду ишке ашыруу бир катар облустарда кызуу жүрүүдө.

"Чүй облусунун Кемин районундагы 400 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулууда. Андан сырткары, Ош облусунун Кара-Суу районуна да 300 гектар жерге жана Баткен облусунун Кадамгай районунан 10 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотуу демилгеленип жатат", — деди Сарпашев.

Вице-премьер-министр тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга өкмөт кеминде эле 30 миллион доллар кароону пландап жатканын кошумчалады.

Айыл-чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев министрликтин алдында агрардык тармакка инновациялык технологияларды киргизүү борбору ачылганын маалымдады. Аталган борбордун негизги максаттарынын бири тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу болорун министр баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0