Кулов: "Кумтөр" кенин улутташтыруу да, биргелешкен ишкана түзүү да бизге пайдасыз

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүФеликс Кулов. Архив
Феликс Кулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттеги көпчүлүк коалициянын өз жыйынында "Кумтөр" кенинин айланасында түзүлгөн абалды талкуулап жатат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги Көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов Кумтөр кенин улутташтыруу да, биргелешкен ишкана түзүү өлкө үчүн пайдасыз экенин айтып, Кыргызстан мындай кадамга барбаш керектигин билдирди.

Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтөр кени боюнча канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү да, аны улутташтыруу да пайдасыз экенин айтып, кендин иштөөсүн азыркы учурундагыдай калтыруу керектигин айткан болчу.

Депутат "Kumtor Gold Company" ишканасынын өкүлдөрү" Кумтөрдүн" улутташтыруу кадамына Кыргызстандын барбашын каалай тургандыктарын, андыктан алар ушундай оюндарды жасап жатканын айтты. 

"Биз алардын мындай оюндарынын кылтагына түшпөшүбүз керек", — деди Кулов.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев буга чейин Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүү КРдин кызыкчылыгына туура келбейт, маселе боюнча альтернативалуу чечим табуу зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0