Парламенттеги көпчүлүк коалиция "Кумтөр" боюнча өкмөттүн сунушун жактырды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк коалициянын курамындагы "Ар-Намыс", КСДП жана "Ата-Мекен" фракциялары "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча өкмөттүн сунушун жактырды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Кумтөр" кенинин айланасында жаралган көйгөйдү чечүү боюнча өкмөт сунуштаган вариантты Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жактырды.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" кени боюнча өкмөт эки жолду сунуштап жатканын айтты. Алар: кыргыз тарап сунуштаган шартта биргелешкен ишкана түзүүү, экинчиси "Кумтөрдү" азыркы шартта калтырып, бирок, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсүн Кыргызстандын пайдасы үчүн алмаштыруу.

Жыйындын жүрүшүндө КСДП менен "Ар-Намыс" фракциясы "Кумтөр" кенин улутташтырууга каршы экенин билдирсе, "Ата Мекен" фракциясы улутташтыруу мүмкүнчүлүнөн баш тартпоо керектигин маалымдады.

Көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов кенди улутташтыруу маселесинде коалициялык көпчүлүк бир пикирге келиши керектигин баса белгиледи.

Өкмөт башчы акционерлердин жыйынына Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңишинин бардык курамын жана анын менеджментин толук оттсавкага кетирүү сунушун киргизүү боюнча коалициялык көпчүлүктүн пикирин сурады. Коалициялык көпчүлүк бул багытта иш-чараларды баштай берүүнү айтты. 

Оторбаев директорлор кеңешине сунуштала турчу талапкерлер эл аралык компаниялар аркылуу текшериле турганын маалымдады. Кулов бул иштерге өкмөт башчы өзү жооп бериши керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0