Улуттук банк 11 айда биринчи жолу долларды валюта рыногунан сатып алды

Жазылуу
Кыргызстанда акыркы үч күндө доллардын наркы кескин төмөндөдү. Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары буга чейин бир Америка долларын 63,9 сатып алып келишсе, ишемби күнү анын баасы 59,6 сомго чейин төмөндөдү.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 11 айда биринчи жолу долларды өлкөнүн валюта рыногунан алганы банктын сайтында маалымдалды.

Кыргызстанда доллардын наркы акыркы үч күндө кескин төмөндөдү. Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары буга чейин бир Америка долларын 63,9 сатып алып келишсе, ишемби күнү анын баасы 59,6 сомго чейин түштү.

Эксперт: доллардын курсу төмөндөшү убактылуу көрүнүш
Улуттук банк жума күнү интервенция жасап, валюта рыногунан 13,5 миллион доллар сатып алды. Мындай операцияны Улуттук банк акыркы жолу былтыр май айында жасаган. Анда валюта рыногунан 20,5 миллион доллар алынган болчу.

Республикада акча алмаштыруу курсу 1993-жылдан бери эркин тартипте аныкталат. Бул саясатка ылайык, акчанын алмаштыруу курсу коомдун талабына жана сунушунажараша калыптанат.

Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын жетекчиси Раушан Сейиткасымова билдиргендей, доллардын курсунун өйдө-төмөн болушу убактылуу мүнөзгө ээ.

Ал Кыргызстандын экономикасында валюталардын курсунун өөзгөрүшү болушу убактылуу көрүнүш экенин кошумчалады. Кышында импорттолуучу товарлар – күйүүчү жана майлоочу майлар көп сатып алынгандыктан, чет элдик валютага болгон талап өсөт. Ал эми жайында талап төмөндөйт.

Улуттук валютанын азыр күчтөнүп жатышы убактылуу факторлорго байланыштуу, себеби калктын сомго болгон талабы көп болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0