Социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фонду түзүлөт

Жазылуу
Атамбаев эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча атайын өкүлүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Атамбаев Эмирдин кеңешчиси, Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча атайын өкүлү Абдаллах Матуук Аль Матуук менен Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү маселесин талкуулаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып жатып, өлкө үчүн экономиканын артыкчылык мааниге ээ  келечектүү багыттарына токтолду. Ошондой эле Кыргызстанда түрдүү ишкердик жана социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0