Эксперттер доллардын өсүшүн Кыргызстандагы экспорттун азайышына байланыштырат

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик товарлардын чет жакка сатуунун азайышын адистер сомдун арзандашы менен байланыштырууда. Эксперттер валюталардын кымбатташынан улам ишканалардын өндүрүшү мурдагы деңгээлге жетпей жатат деп белгилейт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын ишкер-экспортточулары саткан товарлар 32 миллион долларга жетпей калды.

Эксперт: доллардын курсу төмөндөшү убактылуу көрүнүш
Өткөн жылдын алгачкы үч айында ата мекендик ишкерлер экспорттон 113,6 миллион доллар иштеп табышса, быйыл анын көлөмү болгону 80,9 миллион долларга эле жеткени Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаеванын айтымында, экспорттун мынчалык түшүп кетиши валюта рыногундагы олку-солкуларга байланыштуу. Ишкерлер доллар менен алган кредиттерин чет элдик валютанын кымбатташынан улам төлөөдө кыйналып калышкан.

"Жыл башынан бери эле менин үч таанышым банкрот болуп калды. Алардын мекемелери бир канча жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатышкан. Болгону, алар алган насыясын төлөй албай калышты", — деди ал.

Экспорттун көлөмүнө ЕАЭБтеги мамлекеттердин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн азайганы да өз таасирин берген. Улуттук статистикалык комитетинин 2013-жылдагы маалыматына караганда, экспорттолгон товарлардын 27 пайызы дал ушул мамлекеттерге туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0