Сариев: Кыргызстан ЕАЭБде 165 товар боюнча жеңилдиктерди алууга жетишти

Жазылуу
Кыргызстан беш жыл бою 165 товардын түрүн кадимки бажы чени менен импорттойт. Себеби, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер КРди бардык керектүү болгон нерсе менен камсыздай албайт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында Кыргызстан бажы алымдары боюнча 165 товардын түрүнө беш жылга жеңилдик алганын экономика министри Темир Сариев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан импорттон көз каранды мамлекет. Андыктан ЕАЭБке мүчө мамлекеттер өлкөнүн бардык муктаждыктарын камсыздай албайт.

Кыргызстан беш жыл бою автомобилдерди, дарыларды, электрондук жана турмуш-тиричилик техникасын, килемдерди, айыл-чарба техникалары менен өнөр-жай жабдыктарын кадимки чендер менен импорттойт.

"Бардык тамак-аш товарлары, жеңил өнөр-жайы үчүн сырье жана анын продукциялары рыноктун тең укуктуу катышуучусу болуу үчүн ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык импорттолот", — деди Сариев.

Министр ошондой эле, өлкө аймагына алынып келип жаткан жеңил автотранспортко эч кандай салык салынбай турганын белгиледи.

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0