Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү күнүн жылдыруунун кажети жок деп эсептейт

Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча документке кол коюу мөөнөтү жылдырылышы мүмкүндүгүн премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов бир катар ЖМКларга билдирген болчу.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимге ушул жылдын 8-майында кол коюла турганы мамлекет башчысы айтканын экономика министри Темир Сариев Sputnik сайтына берген эксклюзивдүү маегинде белгиледи.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча документке кол коюу мөөнөтү жылдырылып калышы мүмкүндүгүн премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов бир катар ЖМКларга билдирген болчу.

Сариевдин айтымында, документке кол коюу күнүн жылдырууга эч кандай негиз жок.

"Өткөн жылдын декабрында биз аталган уюмга кирүү ниетибизди билдирип, муну Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия  колдогон. Уюмга кирүүнүн башка күнүн мен көргөн жокмун", — деди министр.

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0