БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкасы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге кол коюсуна эч кандай терс таасир тийгизбейт. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бейшемби күнү парламенттин жыйынында өкмөттүн 2014-жылдагы иши боюнча отчет бергенден кийин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев отставкага кете турганын жарыя кылды.
Экономика министрлигинен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү ниети күчүндө калат деп билдиришти.
"Буга ЕЭАБдин курамына кирүүгө байланышкан бир катар документтерди ЕЭКтин жыйынында талкууга катышуу үчүн экономика министринин Москвага учуп кеткендиги далил деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
Шаршемби күнү Сариев Sputnik маалымат сайтына берген эсклюзивдүү маегинде Москвада вице-премьерлердин деңгээлинде документтер талкуулана турган бир нече жыйындар калгандыгын билдирген.
Сариев президент документтерге кол коё турган күндү жылдырышына эч негиз жоктугун билдирди.
"Декабрда өзүбүздүн сунуш-пикирлерди билдиргенбиз. Бизди бул багытта Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия колдойт. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге 2015-жылдын 9-майында кол коюларын жана бул дата жылдырылбай тургандыгын айткан", — деди министр.
Белоруссия, Казакстан жана Россия 2014-жылы Астанада ЕЭАБди түзүү боюнча келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Быйылкы жылдын май айында Кыргызстандын да ЕАЭБге кирүүсү күтүлүүдө. Ошентип, КМШ алкагындагы жалпы ири рыноктун калыптанышы аягына чыгып бара жатат. Ал экономикалык өнүгүү жаатында жаңы ири кубаттуу борбор болуп калмакчы.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
Инфографикада автоунаалардын эң көп чыгарылган жылы көрсөтүлгөн. Талдоо 2020-жылдын 3-декабрынан 2021-жылдын 22-январына чейинки аралыкта autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн (көрсөткүчтөр дээрлик окшош).
Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы өлкөнүн Улуттук банкынын 22-январда аныкталган курсу (бир доллар 84,7 сом) боюнча жүргүзүлдү.
Көп сатылган алдыңкы топ-9га төмөнкүлөр кирди:
Тизмеде Lada 2107 унаасы дагы деле эң арзан болуп калууда: 2001-жылы чыккан машина 1 100 доллар, акыркы бир нече айда ал 80 долларга арзандаган. Жеткиликтүүлүгү жагынан экинчиге Daewoo Matiz чыкты. 2001-жылда чыккан унаа базарда 1 700 долларга сатылууда. Декабрда анын баасы 70 долларга кымбаттаган.
Toyota Prius күйүүчү майды аз талап кылган эң кымбат унаа катары эсептелет. 2010-жылы чыгарылган машина 9 500 доллар турат. Декабрдан тарта баа 356 долларга жогорулаган.