Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев. Архив

Исаков: президент сөзсүз түрдө ЕАЭБдин жыйынына катышат

144
(жаңыланган 18:21 08.05.2015)
8-майда Москвада Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимге кол коюлат.

БИШКЕК, 6 май — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жогорку деңгээлде өтө турчу Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынына сөзсүз түрдө катыша турганын президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков брифингде билдирди. 

Анын айтымында, президент майрамдык парадка катышуу үчүн Москвага барат, ошондой эле, 8-майда ЕАЭБдин жыйынына жана Волоколамск шаарындагы Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигинин ачылышына катышат.

Исаков белгилегендей, ЕАЭБ – өлкөнүн тышкы саясатында абдан маанилүү келечектүү уюм.

"Кыргызстан кыска мөөнөт ичинде анын алдына коюлган бардык тапшырмаларды аткарды. Бүгүнкү күнү өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө даярдыгын текшерүү боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүп жатат", — деди ал.

Исаков ошондой эле, тараптар үчүн талаштуу болгон нерселер боюнча протоколдо өзүнчө пунктар иштелип чыгып жатканын белгилеп, 7-майда ЕАЭБдин вице-премьер-министрлеринин жыйыны боло турганын кошумчалады. Анда Кыргызстан менен Кытайдын келишимдери боюнча эки маселе дыкат талкууланат. Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Валерий Диль жана экономика министри Олег Панкратов жетектейт.

"Биз үчүн өз позициябызда туруу принципиалдуу маанилүү. Президент тарабынан өкмөткө кандай тапшырмалар коюлуп жатат? ЕАЭБке кирүү Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келиш керек. Биз бирдиктүү нерселерди табышыбыз кажет, ал бизде бар", — деди ал.

Исаков белгилегендей, эгер талаштуу болгон протоколдорго кол коюлбаса, анда Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы келишим ратификацияланбайт. Ал ошондой эле, тараптардын ортосунда түшүнүшүү бар экенин айтты.

Буга чейин Кыргызстандын экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комитетинин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде пикир келишпестиктер бар экенин айтып, бул жагдай өлкөнүн ЕАЭБке кирүү мөөнөтүнүн жылышына алып келип, 8-майга чейин келишим ратификацияланбай калат деп чочулоосун билдирген.

9-майда Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү күтүлүп жатат. Буга чейин Россия, Казакстан жана Белоруссия 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Армения да жыл башында аталган уюмга мүчө болгон болчу.

144
Белгилер:
Москва, Сапар Исаков, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Тема боюнча
Сариев: Кыргызстан ЕАЭБде өз ордун таба алат
Сариев: ЕАЭБге кирген соң, тигүүчүлөр өз тармагында мурдагыдай эле лидер болушат
Мзареулов: ЕАЭБге киргенден кийин КР жарандарына "мигрант" сөзү колдонулбай калат
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев

Калк үчүн өтө маанилүү дарылардын баасы арзандайт. Ташиев кеңешме өткөрдү

177
(жаңыланган 10:37 18.10.2021)
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан.

"Ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевтикалык бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикамент аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге токтолду. Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектин рыноктук баасын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, эл үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилгени кошумчаланды.

177
Белгилер:
УКМК, Камчыбек Ташиев, дары-дармек, баа, кеңешме
Тема боюнча
УКМК: дары-дармекти элге кымбат саткандар кармалды
Базар. Архив

Былтыр өлкөнүн кайсы аймагында чекене соода көп болгон. Тизме

356
(жаңыланган 10:39 17.10.2021)
2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда азайган. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл жана Жалал-Абадда катталды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр өлкөнүн кайсы аймактарында чекене сооданын көлөмү кандай болгондугу тууралуу маалымат жарыялады.

Эскерте кетчү жагдай, бул статистикага тамактануу жайларынын соодасы кошулган жок.

Бишкек шаарын эске албаганда (жалпы чекене сооданын 36,2 пайызы), алдыңкы орунга Чүй (15,9 пайыз) жана Жалал-Абад (14,5 пайыз) облустары чыкты. Калган региондорго 10 пайыздан төмөн үлүш туура келди.

"Эске салсак, 2020-жылы пандемиядагы чектөөлөрдөн улам чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда төмөндөгөн. Анын ичинде көбүрөөк төмөндөө Ысык-Көл (21,1 пайызга) жана Жалал-Абад (25,1 пайызга) облустарында болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бул статистикага кошулбаган тамактануу жайларынын жүгүртүүсү боюнча айтсак, 2019-жылга салыштырмалуу былтыр соода 39 пайызга азайып, кафе-ресторандар 15 миллиардга жакын сомдон кол жууган.

356
Белгилер:
Кыргызстан, аймак, соода, экономика
Тема боюнча
Былтыр өлкөдөгү кафе-ресторандар 15 миллиард сомдон кол жууган
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

0
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

0
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт