Турдубаев: Тажикстандан электр кубатын импорттоодо позициябызда бекем турабыз

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭлектр кубаты. Архив
Электр кубаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын ЖМКлары электр кубатын экспорттоодо баасы 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 центке көп боло тургандыгын жазып чыгышты. Коңшу өлкөдөн Кыргызстанга экспорттоло турчу 1 кВт-саат электр энергиясынын баасы 3,5 центти түзмөкчү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Биз Тажикстандан импорттоло турчу электр энергиясы боюнча өз позициябызда бекем турабыз деген пикирин энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө
Тажикстандын ЖМКлары электр энергиясын экспорттоодо анын баасы 2014-жылга салыштырмалуу 1,5 центке (89 тыйындын тегереги) көп болору аныкталганын жазып чыгышты. Тажикстандан Кыргызстанга экспорттоло турчу 1 кВт-саат энергиясынын баасы 3,5 (1 сом 78 тыйындын тегереги) центти түзмөкчү. Маалыматка ылайык, Тажикстан электр энергиясынын импортун көбөйтүүгө кызыктар, энергетиктер сатуунун көлөмүн 20 пайызга чейин жогорулатууну максат кылып коюшкан. 

Турдубаев билдиргендей, сүйлөшүүлөр өттү. Кыргызстандын позициясы мурдагыдай эле 1 кВт-саат энергияны 2 центтен алууну пландап жатат.

"Биз электр энергиясынын баасын эмес, анын көлөмүн көбөйтүү боюнча вариантты сунуштап жатабыз. Сөз 300 миллион кВт сааттан 1 миллиардга чейин болуп жатат", — деди министр.

Турдубаев ошондой эле, тажик тарап учурда Кыргызстандын сунушун карап жатканын, бирок, бирдиктүү пикирге келе электигин кошумчалады.

Быйылкы болжолдоолор боюнча Токтогул суу сактагычына 14 миллиард кубометр суу топтолушу күтүлүүдө. Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылдын октябрына чейин кеминде 12,4 миллиард кубометр суу топтоону максат кылууда.

Ал үчүн мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2,2 миллиард киловатт саат электр энергиясын үнөмдөө керектигин билдирген. Ал үчүн Бишкек жылуулук электр тармактары аркылуу электр энергиясын иштеп чыгып жана коңшулардан импорт алуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0