Турсунбеков: "Датка-Кемин" ишке кирсе, энергетикалык көз карандылыктан кутулабыз

Электр кубаты. Архив
Электр кубаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышка жакын ишке кире турган "Датка-Кемин" долбоору өз мөөнөтүндө пайдаланууга берилсе, Кыргызстандын энергетикалык каатчылыкка капталбоосуна өзүнүн салымын кошот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Токтогул районунун айылдарындагы социалдык объектилердин ачылышына катышып жатып, "Датка Кемин" долбоору ишке кирсе, кышка чейин кошуна өлкөлөрдүн энергетикалык көз карандуулуктан кутулууга болорун айтты.

Буга чейин аталган Токтогул районун жашоочулары электр кубатына болгон тарифтерди арзандатуу талабын бийликке койгон. 

Эл менен жолугуп жатып, Турсунбеков кышка чейин "Датка-Кемин" долбоору ишке кирсе, абал жакшыраарын айтты. 

"Үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы долбоордун ишке кириши күтүлүп жатат. Эгерде ал иштеп калса, кышка чейин Кыргызстан кошуна өлкөлөргө болгон энергетикалык көз карандылыктан кутулат", — деди Турсунбеков.

Ал Кыргызстанда орчундуу иштер жасалып жаткандыгын, ГЭСтердин курулушунун башталышы, жогорку чыңалуудагы подстанциялардын курулушу Кыргызстанда энергетика системасында алдыга жылуусунан кабар берээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0