БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москванын арбитраждык соту түштүк кореялык компаниянын доо арызы боюнча ишти карап, аны кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечкенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
6-майда Москванын арбитраждык соту чечимди Кыргызстандын пайдасына чыгарып, Корея Республикасынын жараны менен "Central Asia FEZ Development Corporation" ЖЧКсына 22,5 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода өнөржай палатасынын чечимин жокко чыгарды.
Эгер экинчи тарап сотко доо арыз менен кайрылбаса, соттун чечими 30 күндүн ичинде мыйзамдуу күчүнө кирет
Буга чейин кыргыз өкмөтү Москванын арбитраждык сотунун дагы бир сот ишин утуп алган. Анда Москва өнөр-жай палатасынын Stans Energy Corp менен Kutеsay Mining ЖЧКсына 118 миллион доллар төлөп берүүсү боюнча чыккан чечими жокко чыгарылган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кыргызстан чет өлкөгө 905,9 миллион долларлык алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жалпысынан өткөн жылы 16 тонна 278,3 килограмм баалуу металл сатылса, анын 18 килограммы Түркияга, калганы Улуу Британияга экспорттолгон.
2019-жылдын ушул мезгилинде 16 тонна 541 килограмм алтын 729,5 миллион долларга сыртка сатылган.
Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1 500 доллардан төмөн болсо, августта 2 000ден ашкан. 2019-жылы баалар 1 500 доллардан дээрлик жогорулаган эмес, тескерисинче, кээде төмөндөп, 1 300 долларга чейин түшкөн.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.
Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.
"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.
Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.
ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.