Жеңил өнөр жайы ЕАЭБге киргенден кийин контрафакттын өсүшүнөн кооптонот

© Sputnik / Табылды КадырбековТигүүчү Кыргызстандын желегинин алдында. Архив
Тигүүчү Кыргызстандын желегинин алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен келип, анын бүгүн, жума күнү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү жөнүндө протоколго кол коюлмакчы.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстана жеңил өнөр жайы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууга толук даяр деп билдирди "Легпром" ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов.

Тикмечи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: ЕАЭБге кирген соң, тигүүчүлөр өз тармагында мурдагыдай эле лидер болушат
Анын айтымында жеңил өнөр жай өндүрүүчүлөрүн тынчсыздандырган жалгыз нерсе рублдин туруксуздугу, ошондой эле коңшулаш Кытайдан контрафакттык товарлардын көбөйүшү болууда.

КРдин тигүүчүлөрү 2015-жылдын I чейрегинде былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 50,4 пайызга кем товар өндүрүштү деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин отчётунда.

Быйыл тигүүчүлүктөн чыккан өндүрүм 207 миллион сомду түздү. 2014-жылдын январь — март аралыгында бул сан жарым миллион сомго жеткен эле.

"Үстүртөн санаганда эле контрафакт экспорттолуп жаткан продукциянын 30 пайызга жакынын түзүүдө. Ал Кыргызстан менен Казакстан аркылуу Россияга кетип жатат", — дейт Төлөгөнов.

Ал белгилегендей, өлкө биримдикке кошулгандан кийин КРде өндүрүлүп жаткан товардын баасы 15 пайызга көтөрүлө тургандыктан,контрафакттык продукциянын да саны өсүшү ыктымал.

"Биз баанын өсүүшүнө эч таасир кыла албайбыз, анткени импортко карата бажы төлөмү көтөрүлөт. Бирок көпчүлүк ишкерлер кездеме, фурнитура жана башка кошумча материалдарды алдына ала дүң сатып алуу менен баанын кескин эмес, жай-баракат өсүшүнө даярданышкан", — деп кошумчалады Төлөгөнов.

Төлөгөнов: Россиядагы кризис тигүүчүлөрдүн кирешесин эки эсе кыскартты
"Легпромдун" башчысы ЕАЭБге кошулуу өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам экенин, бул КРдин экономикасынын көтөрүлүшүнө түрткү болорун белгиледи.

2015-жылдын 9-майында өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү күтүлүүдө. Мурдараак 2014-жылдын апрелинде Россия, Белоруссия жана Казакстан Астанада ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Биримдикке үстүбүздөгү жылдын башында Армения да кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0