Бүгүн кыргыз валютасы — сомдун кабыл алынганына 22 жыл болот

Жазылуу
Кыргыз сому Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 20 сомдук банкнот менен жүгүртүүгө чыгарылган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы эң алгачкы жаңы акчаны эл 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйын менен кармаган. 

Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк алтын куймаларын калкка сата баштады
Улуттук Банк кыргыз валютасынын төртүнчү чыгарылышында, 2010-жылы эң ири көлөмдөгү банкнот — 5000 сом жүгүртүүгө киргизилген. 

Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго кыргыздын элдик баатыры Манастын сүрөтү тартылган. Кийинки акчаларга өлкөнүн белгилүү инсандары композитор Абдылас Малдыбаевдин, бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын, окумуштуу Касым Тыныстановдун, акын Тоголок Молдонун, Токтогулдун, Алыкул Осмоновдун, Алай ханышасы Курман Датканын, манасчы Саякбай Каралаевдин, Жусуп Баласагындын жана актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0