МСК ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн салык органдары менен кызматташууга даяр

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСалык декларациясын толтуруу. Архив
Салык декларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын даярдыгы жөнүндө акыркы бааны ЕАЭБ өкүлдөрүнөн турган Евразиялык экономикалык комиссия жана ЕАЭБге өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн салык органдары менен маалымат алмашууга даяр деп билдиришти ведомствонун маалымат кызматынан.

Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара электрондук маалымат алмашат - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара электрондук маалымат алмашат
Кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги буйрутмасынын негизинде Салык кызматы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммасы боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда электрондук маалымат алмашуу жөнүндө протоколго кошулду. Азыркы учурда аталган протоколго ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин салык органдары кол койгон. 

МСКнын даярдыгы жөнүндө акыркы бааны ЕАЭБ өкүлдөрүнөн турган Евразиялык экономикалык комиссия жана ЕАЭБге өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берди. Аталган комиссия 2015-жылдын 5 – 7-майында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары менен маалымат алмашууну уюштуруу боюнча КРдин Салык кызматы көргөн чараларды баалоо иштерин жүргүзгөн. 

Мындан тышкары, ведомство кыйыр салыктарды эсептөө жана маалымат алмашуу боюнча тийиштүү маалымат системасын түзүү боюнча техникалык тапшырманы даярдап, ишти баштады, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн зарыл программалык камсыздандыруу даярдалды. Бул системанын иштеши үчүн укуктук негиздер да даяр.

"Кыйыр салыктардын төлөнгөн суммасы боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда тест түрүндөгү электрондук маалымат алмашуу ийгиликтүү аяктап, тараптардын тийиштүү акттары менен тастыкталды", — деп белгилешти Мамлекеттик салык кызматынан.

Архив: Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
КРдин ЕАЭБке кошулуусуна байланыштуу салык кодексине толуктоолор киргизилди
МСК Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасынын өзүнө тийиштүү негизги пункттарын аткаргандыгын кошумчалашты маалымат кызматынан.

КРдин ЕАЭБ Келишимине кошулуусу жөнүндө 2014-жылдын 26-майындагы макулдашуунун 6-беренесине ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак бөлүгү аркылуу өтүүчү товарлар менен унаа каражаттарын бажылык текшерүүдөн өткөрүүнү жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу Кыргызстандын бир катар шарттарды аткарышы менен байланышылган. Ал шарттардын бири кыйыр салыктардын баары толук төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ЕАЭБ мамлекеттеринин салык кызматкерлеринин ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0