Кыргызстан "теңге-тең" принциби боюнча окутууга 1 млн. доллар алат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЭсеп машинасы. Архив
Эсеп машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган грант жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, атап айтканда, айыл өкмөт башчыларын, айыл өкмөттөрдүн каржы адисттерин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жергиликтүү бюджет жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча окутууга жумшалат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен мамлекеттик каржы тармагындагы гранттык макулдашууну ратификациялады.

Президент Алмазбек Атамбаев парламент тарабынан 30-апрелде кабыл алынган тийиштүү мыйзамга кол койду деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы.

Архив: московская биржа - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү инвестициялык абал Бишкекте талкууланат
Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Европа менен Борбордук Азиядагы мамлекеттик каржыларды башкаруу үчүн программалык максаттуу донордук фондуна администраторлук кылат. 

Мурдараак Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Санжар Икрамов 1 миллион 99 миң доллар көлөмүндөгү грант жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик каржы тармагында "теңге тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү боюнча долбоорго арналганын белгилеген.

"Долбоор Кыргызстан тараптан каржылык чыгымдарды талап кылбайт жана эл аралык эксперттер менен кеңешчилерди каржылоо анда каралган эмес", — деп белгиледи Икрамов.

Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, атап айтканда, айыл өкмөт башчыларын, айыл өкмөттөрдүн каржы адисттерин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жергиликтүү бюджет жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча окутууга жумшалат.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0