Валюты мира

Ишкерлер менен министрлик экономиканы көтөрүү жолдорун талкуулайт

65
(жаңыланган 19:07 18.05.2015)
Бишкекте өкмөт мүчөлөрү жеке сектордун жардамы менен экономиканын өсүшүн канткенде камсыз кылабыз деген маанайда 19-майда ишкерлер ийри-отуруп түз кеңешмекчи.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экономика министрлиги кыргызстандык бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жеке сектордун катышуусунда экономиканын өсүшүн камсыз кылуу боюнча талкуу өткөрөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 

Ага министр Олег Панкратов, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Секретариатынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышат. 

Чогулгандар жасала турган реформаларды жана ага ишкерлер коомчулугунун катышуусу, жасалуучу реформалардын тез мөөнөттөгү натыйжалары талкууланат.

65
Белгилер:
ишкерлер коомчулугу, Таалайбек Койчуманов, Олег Панкратов
Тема боюнча
Сариев: КРдин экономикалык көрсөткүчтөрү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүкүнөн өйдө
Экономика министрлиги ишкерлерди алдын ала пландоо аркылуу текшерет
Атамбаев: ЕАЭБ алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болуусун талап кылат
Бир миң сомдук купюралар. Архив

Райым Матраимов келтирген зыяндын ордун толтура баштады. 80 млн. сом которулду

6963
(жаңыланган 19:04 20.10.2020)
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Матраимов бюджетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени аныкталды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген эки миллиард сомду толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Матраимов көрсөтүлгөн сумманын 80 миллион сомун УКМКнын депозиттик эсебине которду.

“Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Матраимов бюджетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени аныкталды. Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде ага Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Райым Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргызстандын бюджетине келтирген зыянды, жогоруда айтылган сумманы толугу менен төлөп берерин билдиргени айтылды. Каражат атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөнмөй болду.

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

УКМК бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат.

6963
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев

Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

31
(жаңыланган 13:35 20.10.2020)
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда пайда болгон элдик кошуундар тууралуу пикирин билдирди.
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

Митингдер учурунда өз ыктыяры менен чыгып ишкерликти коргоп берген элдик кошуундардын республика боюнча пайда болушу — бул феноменалдык көрүнүш. Мындай пикирин Искендер Шаршеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгилдин өтүшү менен бизнес тармагына да жаңы көз караштар жаралып жатат.

"Мурдагы башаламандыктарда көбүнесе чакан жана орто бизнес жабыркаса, бул ирет алар, тескерисинче, киреше тапты. Албетте, бул өз каалоосу менен чыгып аларды коргоп турган элдик кошуундардын аракети менен ишке ашты. Мындай кадам жалпы республикада жасалып, бир нече күн элдик кошуундардын бизнести коргоп бериши чоң үмүт жаратты. Алар деле жөнөкөй эле кыргызстандыктар, биздин катарыбызда жүргөн жаш балдар. Демек, бизнес деп эле талап-тоноп кетпей, алардын өсүшүнө шарт түзүү керектигин түшүнгөн муун өсүп келе жатат десек болот. Бул бир эле кыргызстандыктарды эмес, дүйнө элин таң калтыра турган феномен", — деди Шаршеев.

Экономист бизнесте алдын ала божомолдоо өтө татаал экендигин кошумчалады.

31
Белгилер:
ишкерлик, келечек, элдик кошуун, Искендер Шаршеев
Тема боюнча
Абдыров: акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин тийгизет
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

104
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

104
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы