ИӨБ "Сарымсак" каналынын курулушуна 15 млн. доллар бөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкскаватор менен жүк ташуучу автомашина. Архив
Экскаватор менен жүк ташуучу автомашина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер бул долбоор ишке ашып калса Кыргызстанда 2000 гектар кайрак жер сугарылып, 1600 гектар сугарылуучу жер толук суу менен камсыз болот.

БИШКЕК, 20 мая — Sputnik. Ислам өнүгүү банкы Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Сарымсак" каналынын курулушуна 15 миллион доллар акча каражатын бөлүп бере турганын аталган банктын өкүлү Шехзад Акрам билдирди. 

Шейшемби күнү КР айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Ислам өнүгүү банкынын өкүлү Шехзад Акрам менен жолугуп, анда "Сарымсак" каналынын ирригациялык долбоору талкууланганын министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт. 

"Бул долбоордун ишке ашуусу үчүн Ислам өнүгүү банкы 15 млн. доллар бөлүп берет", — деп билдирди Акрам.

Айыл чарба. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Фермерлер ЕАЭБ үчүн мөмө-жемиштерди арбын өстүрүшү керек
Министр Айдаралиевдин айтымында, "Сарымсак" каналынын ирригациялык долбоору боюнча келишимге кол коюу процедурасы төрт айга жакын убакытты талап кылат.

Эгер бул долбоор ишке ашып калса Кыргызстанда 2000 гектар кайрак жер сугарылып, 1600 гектар сугарылуучу жер толук суу менен камсыз болот, деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 2017-жылга чейинки Улуттук стратегиялык өнүгүү программасына ылайык, "Сарымсак" каналы сыяктуу дагы 26 долбоордун ишке ашуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0