Нумизматтарга аукциондо монеталарды сатып, Улуттук банк жаңыларын чыгармакчы

© Sputnik / Михаил РогожинКоллекциялык сейрек монеталар менен уникалдуу номерлүү алтын куймалар. Архив
Коллекциялык сейрек монеталар менен уникалдуу номерлүү алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баштапкы баасы 25 миң сом деп белгиленген "Ош-3000" алтын монетасы 43 миң сомго сатылды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коллекциялык сейрек монеталар менен уникалдуу номерлүү алтын куймаларды сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы чыгарылды деп билдирет КРдин Улуттук банкынын маалымат кызматы.

Коллекциялык сейрек монеталар менен уникалдуу номерлүү алтын куймаларды сатуу боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү аукцион дүйшөмбүдө КРдин Улуттук банкында болду.

Улуттук банк Жеңиш күнүнө карата күмүш тыйындардын коллекциясын чыгарды
Сатыкка 10 лот менен 1995 – 2007-жылдары чыгарылган 10 нумизматтык монета коюлду. Алардын бири "Ош-3000" алтын монетасы, калгандары күмүш — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы ", "Хан-Теңир", "Архар", "Мамыры", "Улуттук валютанын 10 жылдыгы", "Шанхай кызматташтык уюму", "Таш-Рабат", "Өзгөн архитектуралык комплекси" жана "Улуу Жеңишке 60 жыл" деп аталган монеталар.

Коллекциялык монеталар менен бирге аукционго биринчи жолу уникалдуу номерлүү алтын куймалары алынып чыкты. Салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки бул куймалар алты лотко коюлду.

Улуттук банктын накталай акчалар башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн башкы экономист Салтанат Аубакирова аукционго 20 адам катышканын айтты.

"Аукционго алынып чыккан монеталардын баштапкы жалпы баасы 70 миң болсо, бардыгы болуп 133 миң 500 сомго сатылды. Ал эми алтын куймалардын эки лоту гана жалпы эсеп менен 11 миң 622 сомго сатылды", — деди Аубакирова.

Баштапкы баасы 25 миң сом деп белгиленген "Ош-3000" алтын монетасы 43 сомго сатылды. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы ", "Хан-Теңир", "Мамыры" жана "Улуу Жеңишке 60 жыл" күмүш монеталары 5 миң сомдук баа менен аукционго чыгарылып, 14 миң, 12 миң жана 10 миң сомго сатылды. Акыркы болуп 15-апрелде "Тарыхый окуялар" сериясынан "Улуу Жеңишке 70 жыл" күмүш монетасы жүгүртүүгө киргизилди. Жакынкы арада Улуттук банк "Кыргызстандын Кызыл китеби" сериясынан "Тоодак" коллекциялык монетасын жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат.

Улуттук банк 1995-жылдан бери 51 коллекциялык монета чыгарган. Алардын 10у жез-никель, бири мельхиор, үчү алтын жана 37си күмүш монеталар.

Жаңылыктар түрмөгү
0