Экономика министрлиги: "Кумтөрдүн" туруктуу иштешине шарт түзүп берүү макулдашылды

Жазылуу
Экономика министрлигинин маалымат кызматы Канаданын КРдеги элчилиги менен "Кумтөр" долбоорунун туруктуу ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды камсыздоо боюнча макулдашуу болгонун билдирди.

БИШКЕК, 27-май. – Sputnik. Экономика министри Олег Панкратов Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү туруксуз болуп жатканын айтып, эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүү жолдорун сунуштады.

Канадалык тарап кыргызстандык министр менен жолугушууда кендерге чалгын жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу боюнча суроону иштеп чыгууну сунуштады. 

"Эки тарап Кыргызстандагы Centerra Gold Inc. компаниясынын ишине тиешелүү суроолорду талкуулап, "Кумтөр" долбоорунун туруктуу ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздоо боюнча макулдашылды", — деген билдирүү таратты Экономика министрлигинин маалымат кызматы.

Лорд Кланвильям: Centerra Gold Inc. ишканасынын учурдагы иши канааттандырбайт
Буга чейин башында Жоомарт Оторбаев өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча эки жолду сунуштаган. Биринчиси биргелешкен ишкана түзүү, экинчиси Кумтөр кенин иштетүүнү ушул шартта калтырып, бирок, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргызстандын пайдасы үчүн алмаштыруу болгон. Андан көп өтпөй Оторбаев отставка кетип, ал эми май айынын биринчи декадасында Канададагы Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин курамы өзгөрүүсүз калгандыгы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0