Улуттук банк Россиянын "Мир" төлөм системасы менен кызматташат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикысынын Улуттук банк имараты. Архив
Кыргыз Республикысынын Улуттук банк имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда улуттук төлөм карта системасын түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Жакында система "Мир" деген аталышка ээ болду. Кабыл алынган документке ылайык, эл аралык төлөм системаларынын процессинги РФ аймагына милдеттүү түрдө өткөрүлөт.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы Россиянын "Мир" төлөм карталарынын системасы менен кызматташа турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына банктын өкүлдөрү билдирди. 

Москва биржасындагы кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк эсептик үстөк төлөмдү 1,5%га төмөндөттү
Өткөн жылы Visa жана MasterCard санкцияларынан улам бир катар россиялык банктардын (СМП Банк, Инвесткапиталбанк, "Россия" банкы жана Собинбанк) карталарын тейлөөгө тыюу салынган. Мындан улам РФда улуттук төлөм карта системасын түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Жакында ал "Мир" аталышына ээ болду. Документ эл аралык төлөм системаларынын процессингин Россиянын аймагына өткөрүүгө милдеттендирет.

Улуттук банк россиялык "Мир" төлөм системасы кыска мөөнөттө КР банк карталары рыногуна таасирин тийгизбей турганын белгилейт. Анткени, төлөм системасынын оператору аны биринчи кезекте батыш эл аралык системалардан болгон көз карандылыкты төмөндөтүү үчүн Россияга ылайыктап түзүлгөн.

Банктын билдирүүсүндө, Кыргызстан башка мамлекеттердин улуттук төлөм системалары менен иштешүүгө кызыкдар.

"Ушу тапта "Мир" төлөм системасынын оператору жана РФ Борбордук банкы менен эки мамлекеттин улуттук карталардын төлөм системасынын инфраструктурасын интеграциялоо боюнча алдын ала макулдашууларга жетиштик. Эми "Элкарт" жана "Мир" карталары Россия жана Кыргызстандын аймагында иштей алат", — деп түшүндүрүштү банктан.

Кыргызстандын аймагындагы "Мир" төлөм картасынын популярдуулугу оператордун аракетинен жана багытынан, коммерциялык банктардын аталган карталарды кабыл алууга болгон даярдыгынан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тышкы экономикалык мамилелердин жигердүүлүгүнөн жана тышкы миграциянын агымынан көз каранды. 

"Бул маселе "Элкарт" улуттук системасы жана "Мир" картасынын интеграцияланышы боюнча чечим менен түздөн-түз байланыштуу", — деп белгилейт банк.

Интеграциялык процесстердин жүрүшүндө эки өлкөнүн улуттук төлөм системалары перифериялык түйүндөрдү — банкомат жана POS-терминалдарды орнотуу жана карталарды тейлөөнү өз алдынча жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0