Алтын кени. Архив

Сыртка чыгарылган кен байлыктарга карата экспорттук бажы алымын киргизүү сунушталууда

23
(жаңыланган 10:28 05.06.2015)
Парламентарийлер мамлекеттик казынаны толтуруу мүмкүнчүлүгү катары сыртка чыккан рудалардан бажы алымын төлөтүүнү карап жатышат.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Жогорку Кеӊеште депутаттар демилгеленген Кыргызстандын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга экспорттук бажылык алымдардын ставкасын аныктаган мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин бири Айнуру Алтыбаеванын айтымында, баалуу металл рудаларын чет өлкөгө ташып кетип иштетүү жылдан-жылга күчөп баратат, ошондон улам аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу мүмкүнчүлүгү бар. 

"2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын рудаларынын өлчөмү 4 миӊ тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуш кылдык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке кошумча каражат түшө баштайт", — деди Алтыбаева. 

ЖКнын тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев депутаттарды мыйзам долбооруна колдоо көрсөтпөөгө чакырды. Анын пикиринде, мындай ойлонулбаган чаралар өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип, көптөгөн ишкерлер өз ишин токтотот. 

Ал эми депутат Эркин Сакебаев демилгечилер мыйзам долбоорун даярдоонун жүрүшүндө тереӊ талдоо кылышпаганын, мыйзамга мындай мамиле кылуу туура эмес экенин баса белгиледи.

23
Белгилер:
кен байлыктар, бажы, мыйзам долбоору, Жогрку Кеңеш, Кожобек Рыспаев, Айнуру Алтыбаева, Эркин Сакебаев
Тема боюнча
Таластыктарга Жерүй кенин иштетүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүштү
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуу ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайыкталды
Баалуу металл менен шугулдангандардын жоопкерчилик чарасы жөнгө салынат
Пикирлер