Документке кол коюу. Архив

Армения өкмөтү Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү боюнча протоколун ратификациялады

190
(жаңыланган 15:14 05.06.2015)
Кыргызстандын ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кириши үчүн биримдике мүчө мамлекеттердин парламенттери тийиштүү протоколду ратификациялашы керек.

БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. Армения өкмөтү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча протоколду жактырганын Армения Радиосу билдирет.

Тийиштүү чечим бейшемби күнү премьер-министр Овик Абраамяндын жетекчилиги астында өткөн өкмөттүн жыйынында кабыл алынган.

Армения жыл башында ЕАЭБге мүчө болгон. 8-майда ЕАЭБдин саммитинде Кыргызстандын биримдикке кошулуусу жөнүндөгү акыркы документтерге кол коюлган. Эми ал документтер ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек.

Президент Алмазбек Атамбаев 21-май күнү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон.

190
Белгилер:
ратификация, Евразиялык экономикалык биримдик, Армения, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (173)
Тема боюнча
Арутюнян: КР эки айдан кийин ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот
Нарышкин: КРдин ЕАЭБге кирүү боюнча келишимдер ратификациясын жакын арада карайбыз
Пикирлер