Centerra "Кумтөр" кен жайынын иши токтой турганы жөнүндө эскертет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кумтөр" кен жайы. Архив
Кумтөр кен жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясында иш пландарын бекитпей койгон Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айынан "Кумтөр" кен жайынын иши токтоп калышы ыктымал деп эсептешет.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тоскоолдуктарынан улам, Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" кен жайынын иши токтоп калышы ыктымал экенин эскерте турганы жөнүндө компаниянын маалымат кызматы билдирет. 

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кен жайын иштетүү боюнча компаниянын пландарын карап, макулдугун берүүгө 4-июлга чейин кошумча убакыт талап кылды.

"Агенттиктин кечиктиришине муз массаларын көчүрүп, Давдов мөңгүсүн кен жайынын ачык керьерине ээрип киришине жол бербөө боюнча планда каралган иш-чаралар себеп болду", — деп белгилешет Centerra компаниясынан.

Экономика министри Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги: "Кумтөрдүн" туруктуу иштешине шарт түзүп берүү макулдашылды
Компанияда бул иш-чаралар Суу кодексине каршы келет деп эсептешет. Документте мөңгүлөрдүн табигый абалына же анда камтылган суунун сапатына таасир бере турган бир да иш-аракет жүргүзбөө жөнүндө тыюу салынган.

Ошону менен бирге Centerra Gold Inc. муз массаларын көчүрүп, мөңгүнүн жылышына жол бербөө боюнча иш-чаралар бүтүндөй долбоордун ажырагыс бөлүгү катары дайыма "Кумтөрдүн" иш пландарына кирип келгенин эске салышты.

"2015-жылга карата тоо иштеринин сунушталган планы мурдагы жылдардын пландары менен бирдей. Аларды КРдин мамлекеттик агенттиги дайыма жактырып келген. Ошондуктан Centerra жана "Кумтөр Голд Компани" үстүдөгү жылдын планы макулдашылып кабыл алынышы керек деп эсептейт", — деп чечмелейт канадалык тарап.

Centerra Gold Inc. жана "Кумтөр Голд Компани" тоо иштеринин палнын макулдаштыруу үчүн, Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен сүйлөшүүлөрдү улантмакчы.

"Бирок 4-июлга чейин  зарыл уруксаттар сөзсүз берилип жана керектүү мөөнөткө узартылат деген кепилдик жок. Андан тышкары, өз ишин июндун акырына чейин бүтүрүш үчүн Кыргызстандын парламенти Суу кодексине оңдоолорду жактырат деген кепилдик да жок", — деп эсептешет Centerra компаниясында.

Компаниянын көз карашында, зарыл уруксаттардын жоктугу кен жайындагы бардык иштердин токтошуна алып келип, Centerra Gold Inc. каржылык агымдарына, операциялык натыйжаларына жана компаниянын абалына терс таасирин тийгизет.

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кумтөр боюнча кеңешме өткөрдү
10-апрелде мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев биргелешкен ишкана түзүү же кен-жайын улутташтыруу идеясынан баш тартып, компаниянын башкармалыгын гана толук алмаштыруу менен долбоорду өзгөртүүсүз калтырууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин "Кумтөргө" байланышкан токтомдору менен, 2014-жылдын февралында министрлер кабинетине долбоор боюнча келишимдерди КР үчүн пайдалуу шарттарда кайра түзүү тапшырылган.

Мурдараак өкмөттүн сунуштарын карап чыгып ЖК ишкананы улутташтыруудан баш тарткан.

"Кумтөргө" жакын жайгашкан муз массаларын жылдырып Давыдов мөңгүсүн кармап туруу боюнча иштер бир нече жыл мурун башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0