Атамбаев Кыргызстандагы газ тармагынын маселелерин Миллер менен талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Кыргызстандагы газ тармагынын маселелерин Миллер менен талкуулады
Атамбаев Кыргызстандагы газ тармагынын маселелерин Миллер менен талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Атамбаев "Газпромдун" Кыргызстандагы ишмердиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө жакшы таасир тийгизет деген ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Петербургда "Газпром" компаниясынын төрагасы Алексей Миллер менен ишкананын Кыргызстандагы ишмердигин жана өлкөнүн энергетикалык секторуна келе турган алдыдагы инвестицияларды талкуулады.

Атамбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн келди
Жолугушууда Миллер компаниянын инвестициялык программасын эске алуу менен, Кыргызстандын газ секторун өнүктүрүү пландары, ошондой эле ишке ашыра турган социалдык программасы туурасында айтып берди. Компания социалдык программасынын алкагында Кыргызстандын ири шаарларында, облустук жана райондук борборлордо дене тарбиясы-саламаттык сактоо комплекстерин куруу пландаштырылып жатат.

Президент Атамбаев "Газпромдун" Кыргызстандагы ишмердиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө жакшы таасир тийгизет деген ишенимин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0