Сариев: ЕАЭБге толук кошулсак эт, сүткө, жер-жемиштерге суроо-талап күчөйт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана “Айыл-Банкка” акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча ишти күчөттү
Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана “Айыл-Банкка” акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча ишти күчөттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана "Айыл-Банкка" акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча ишти күчөтүп, бул жаатта атайы долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 21-июнь – Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Чүй облусу боюнча иш сапарынын алкагында Сокулук районундагы бир нече дыйкан чарбаларынын, ишканаларынын иши менен таанышты. Алгач, Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы "Оско" ЖЧКсына барды.

Жер-жемиштен суусундук өндүрүүчү "Осконун" иши менен таанышууда премьер-министр Кыргызстанда өкмөт бул сыяктуу чарбаларды колдоого алууга болгон күч-аракети жумшап жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан экспортко багытталган ишканаларды колдоо үчүн төмөндөтүлгөн үстөктөгү насыялар берилерин маалымдады.

Темир Сариев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу кошулган соң, бул сыяктуу ишканалардын продукциясына, өзгөчө, сапаттуу эт, сүткө, жер-жемиштерге карата болгон суроо-талап күчөөрүн кошумчалады.

Андан соң өкмөт башчы Жаңы-Жер айыл аймагындагы Восточное айылына барып, жашылча эгилген талааларды кыдырды. Жолугушууда фермерлер өз көйгөйлөрү тууралуу айтышты. Алардын айтымында, акыркы үлгүдөгү айыл-чарба техникаларын алуу кыйынга турууда.

Сариев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана "Айыл-Банкка" акыркы үлгүдөгү айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча ишти күчөтүп, бул жаатта атайы долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды. Андан соң өкмөт башчысы Сокулук районундагы "Сулейман" сүт фермасында болду. 

Муну менен катар өкмөт башчысы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өкмөттүн тийиштүү бөлүмүнө үлүшкө берилип, пайдаланылбай жаткан жерлерди колдонуу боюнча биргелешип атайы план иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0