Москвалыктар Кыргызстандын таза суусу, балы, жашылча-жемиши менен этине кызыгууда

Жазылуу
Мындан тышкары, өлкөгө Кыргызстандын жеңил өнөр жай товарларын алып келүү пландаштырылууда. Бул мамлекеттин ЕАЭБге кошулуусунун аркасында болуп жатат.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Россия борборунун тармактык супермаркеттери Кыргызстандын бөтөлкөгө куюлган жана минералдык суусун, эт, жашылча-жемиш жана бал алууга кызыкдар. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Экономика министрлигинин алдындагы экспорттук саясат боюнча Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн расмий өкүлү Улан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык продукцияга негизинен "Монетка", "Радуга", "Верный", "Виктория", "Покупай-24" жана "Домашний" соода түйүндөрү кызыгып жатат.

"Монетка" түйүнүнүн эле 120 дүкөнү бар. Бул "Кыргызстанда жасалган" деген белги менен барган товарлардын кенен жайылышына жол берет. Рынокко КРнын ири ишканаларын киргизүү пландаштырылып жатат", — деди Мамытов.

Россиялыктар бөтөлкөгө куюлган суу, ширелер, алкоголдук, сүт, жашылча-жемиш азыктарына да кызыгышууда.

"Мындан тышкары, өлкөгө Кыргызстандын жеңил өнөр жай товарларын алып келүү пландаштырылууда. Бул мамлекеттин ЕАЭБге кошулуусунун аркасында болуп жатат", — деди өкүл.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу эл аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча келишимге кол койгон. Биримдиктин башка мамлекеттери келишимди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0